ТМУ менен CIMMYT ортосунда Өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду

ТМУ менен CIMMYT ортосунда Өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду

2025-жылдын 5-ноябрында Мексиканын Тескоко шаарындагы Эль-Батан аймагында жайгашкан Жүгөрү жана буудайды жакшыртуу боюнча эл аралык борбордун (CIMMYT) штаб-квартирасында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Омуралиевдин иш сапарынын алкагында ТМУ менен CIMMYT ортосунда өз ара түшүнүшүү Меморандумуна (ӨТМ) кол коюу аземи болуп өттү.

Документке ТМУнун Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Омуралиев жана CIMMYTтин Башкы директору, доктор Брам Говаертс кол коюшту. Иш-чарага Мексикада аккредитацияланган ТМУга мүчө мамлекеттер — Азербайжан, Түркия жана Казакстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери катышты.

Өз сөзүндө Башкы катчы Кубанычбек Омуралиев Меморандум ТМУ менен CIMMYTтин ортосундагы узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө багытталганын белгилеп, ал кызматташтык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, потенциалды чыңдоо, технологияларды жайылтуу жана агрардык саясат боюнча эксперттик колдоо көрсөтүү сыяктуу негизги тармактарды камтый турганын айтты. Ал бул өнөктөштүк климатка туруктуу айыл чарбасын чыңдоого, үрөнчүлүк тутумдарын жакшыртууга, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга жана түрк дүйнөсүндөгү илимий алмашууну кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

CIMMYTтин Башкы директору, доктор Брам Говаертс, өз кезегинде, Меморандумга кол коюу эки уюмдун кызматташтыгынын жаңы этабынын башталышын билдирерин жана CIMMYT менен ТМУнун айыл чарба инновацияларын илгерилетүү, өнөктөштүктү бекемдөө жана илимий-техникалык кызматташууну аймактык жана глобалдык деңгээлде кеңейтүү боюнча жалпы көз карашын чагылдырарын белгиледи.

Сапардын алкагында Башкы катчы Кубанычбек Омуралиев CIMMYTтин алдыңкы изилдөө объекттери менен таанышты. Алардын катарына Велхаузен жана Андерсон атындагы Генетикалык ресурстар борбору, Жүгөрүнүн сапаты жана азыктуулугу лабораториясы, ошондой эле Биобилимдер комплекси кирет. Ага ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн туруктуулугун арттыруу, биотүрдүүлүктү сактоо жана жүгөрү менен буудайдын жаңы, жогорку түшүмдүү сортторун иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан илимий иштер тууралуу маалымат берилди.

ТМУ менен CIMMYTтин бул кызматташуусу CIMMYTтин 2030-жылга чейинки стратегиясына жана «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» документине ылайык келип, түрк мамлекеттеринде туруктуу айыл чарбаны жана инновацияларга негизделген өнүгүүнү илгерилетүү үчүн бекем негиз түзөт.

Меморандумга кол коюу ТМУнун алдыңкы эл аралык илимий-изилдөө борборлору менен өнөктөштүк байланышын кеңейтүү жана түрк мамлекеттери менен Мексиканын ортосундагы аймактар аралык илимий-технологиялык кызматташууну, айрыкча туруктуу айыл чарба өнүгүүсү жаатында, чыңдоодо маанилүү кадам болуп саналат.