Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы «Берлин Тышкы саясат форуму 2025»ке катышты

Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы «Берлин Тышкы саясат форуму 2025»ке катышты

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Өмүралиев Германиянын чакыруусу менен 2025-жылдын 25-ноябрында Берлинде өткөрүлгөн «Берлин Тышкы саясат форуму 2025»ке катышты.

Германиянын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте «Көрбер» фонду тарабынан жыл сайын уюштурулган Форум Германиянын жана Европанын тышкы саясатына байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланган аянтча болуп саналат.

2025-жылкы Форумду Германия Тышкы иштер министри Йоханн Вадефул ачты.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар Европа жана глобалдык коопсуздук, эл аралык кызматташтык, энергетикадагы өзгөрүүлөр, санариптик трансформация жана Форумдун күн тартибиндеги башка тармактардагы маанилүү окуяларды талкуулашты.

Форумдун алкагында Башкы катчы өкмөттүк мекемелердин, эл аралык уюмдардын, аналитикалык борборлордун жана изилдөө институттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Ушул алкакта,  Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Бернхард Котш, Италиянын мурдагы Тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо  жана «Көрбер» фондунун Аткаруучу кеңешинин төрагасы, доктор Томас Паулсен менен пикир алышты.

Тараптар эки тарапты кызыктырган маселелерди талкуулашып, диалогду улантуу боюнча пикир алмашышты.