Түрк Кызылай Тармагынын ПрезиденттерКеңешинин Жыйыны 2025-жылдын 19-ноябрында Азербайжандын Баку шаарында болупөттү. Жыйынга Түрк мамлекеттер уюмунун(ТМУ) мүчө жана байкоочу мамлекеттерининКызыл крест жана Кызыл Ай улуттуккоомдорунун жетекчилери катышышты.
ТМУнун Башкы катчысы, Элчи КубанычбекӨмүралиев иш-чарага катышып, ачылышаземинде сөз сүйлөдү. Өз кайрылуусунда алУюмдун өсүп жаткан гуманитардык күн тартибинбелгилеп өттү.
Мындан тышкары Башкы катчы 2024-жылы Бишкек шаарында кол коюлган Түрк КызылайТармагын түзүү жөнүндө Өз ара ТүшүнүшүүМеморандумунун түрк мамлекеттеринингуманитардык кызматташуу тармагындагыбиримдик жана ынтымактын символу экенин басабелгиледи.
Ошондой эле ал Түрк мамлекеттер мюмунунЖарандык коргоо механизми боюнча көптараптуу келишимине токтолуп, бул документтүрк мамлекеттеринин табигый кырсыктаргажана өзгөчө кырдаалдарга биргелешип жоопкайтаруу мүмкүнчүлүгүн чыңдоогобагытталганын айтты.
Иш-чаранын катышуучулары түрк элдеринилгертен бери бириктирип келген гуманитардыктилектештикке, өз ара жардамдашууга жанабоорукерлик рухуна болгон жалпыберилгендиктерин дагы бир жолу тастыкташты.








