ТМУ Башкы катчысы Беларусь Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчисини кабыл алды

ТМУ Башкы катчысы Беларусь Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчисини кабыл алды

2025-жылдын 17-ноябрында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев Беларусь Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Анатолий А. Глазды Стамбулдагы ТМУ Катчылыгында  кабыл алды. Жолугушуу учурунда тараптар Беларусь Республикасы менен ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтык байланыштары, ошондой эле Уюмдун эл аралык аренадагы өсүп жаткан ролу боюнча пикир алмашышты.