Мен ЮНЕСКОнун 2025-жылдын 3-ноябрында Самарканд шаарында өткөн 43-Бүткүл дүйнөлүк конференциясынын жүрүшүндө 15-декабрды "Дүйнөлүк түрк тилдер үй-бүлөсүнүн күнү" деп жарыялоо тууралуу тарыхый чечимин кубаттайм.
Бул маанилүү окуя түрк тилдеринин байыркы тамырларын жана универсалдуу баалуулуктарын баса белгилеп, алардын түрк цивилизациясынын бириктирүүчү элементи катары терең тарыхый мурасын чагылдырат.
Маданий жана тилдик ар түрдүүлүктү сактоого багытталган дүйнөдөгү эң беделдүү уюмдардын бири болгон ЮНЕСКОнун алкагында бул күндүн белгилениши түрк дүйнөсүнүн өсүп келе жаткан өздүгүн, баалуулуктарын жана бүгүнкү глобалдык чөйрөдөгү ролун таануунун айкын далили болуп саналат.
Бул маанилүү демилгени ишке ашырууга кошкон салымы үчүн бардык мүчө мамлекеттерге жана байкоочуларга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз.
Түрк мамлекеттер уюму катары биз жалпы тарыхый жана маданий мурасыбызды даңазалоо, түрк тилдүү элдер ортосундагы биримдикти чыңдоо жана орток келечекке карай көз карашыбызды илгерилетүү боюнча чечкиндүү аракетибизди уланта беребиз.
Элчи Кубанычбек Өмүралиев
Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы





