Кабыл алынган иштөө принциптерине ылайык, Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) мүчө-мамлекеттердин ар түрдүү тармактардагы учурдагы эки тараптуу кызматташтыгын көп тараптуу кызматташтыкка өткөрүүнү максат кылат. Бул багытта алгач учурдагы же мүмкүн болгон кызматташтыктагы тоскоолдуктар аныкталат; андан соң бул тоскоолдуктарды жоюу жана кызматташуунун жаңы тармактарын өнүктүрүү боюнча зарыл кадамдар көрүлөт. Ушуга байланыштуу, Уюмдун бардык кызматташтык тармактары боюнча мүчө-мамлекеттердин эксперттеринен турган жумушчу топтор түзүлөт. Бул топтор кабыл алган чечимдер өзүнчө документте чагылдырылып, кылдаттык менен көзөмөлдөнөт. Бардык иштер бирдиктүү негизде жүргүзүлүп, кайталоого жол берилбейт.
ТМУ мүчө жана байкоочу мамлекеттердин ортосунда экономикадан тартып транспорт жана бажы тармагына, энергетикадан айыл чарбасына, билим берүүдөн жаштар жана спортко, санариптештирүүдөн адилеттик жана коопсуздукка, маданияттан туризм жана саламаттыкты сактоого чейинки 35тен ашык багытта көп кырдуу кызматташтыкты камсыз кылат. Уюм Түрк соода-өнөр жай палатасы, Түрк инвестициялык фонду, Каспий аркылуу транспорт коридору, боордош порттор процесси, Саламаттыкты сактоо илимдер кеңеши, ошондой эле Заманбап Жибек жолу жана «Табаррук Зиярат» долбоорлору, Орхон процесси, жаштар жана спорт багытындагы демилгелер сыяктуу ар түрдүү долбоорлор жана демилгелер аркылуу мүчө жана байкоочу мамлекеттердин жыргалчылыгы үчүн конкреттүү кадамдарды жасоодо.
(Бул бөлүм учурда жаңыланууда жана акыркы маалыматтар дагы кошулат)

































