ТҮРК АКАДЕМИЯСЫ

ТҮРК АКАДЕМИЯСЫ
Түрк академиясы 2012-жылы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия тарабынан Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында эл аралык уюм катары негизделген.

Түрк академиясы түрк элдеринин тили, адабияты, маданияты, тарыхы боюнча илимий изилдөөлөрдү координациялоо жана түрк цивилизациясынын адамзат тарыхына кошкон салымын жергиликтүү булактарга таянып баалоо максатында түзүлгөн. Академиянын кеңсеси Астанада жайгашкан жана анын Илимий кеңешине мүчө мамлекеттердин билим берүү министрлери, ошондой эле Академиянын президенти жана вице-президенттери кирет. Академиянын аткаруучу функцияларын учурдагы президенти Шахин Мустафаев жүзөгө ашырат. Венгрия 2018-жылдын 3-сентябрында Чолпон-Атада өткөн ТМУнун 6-Саммитинде байкоочу статуска ээ болгон.

Академиянын негизги милдети – түрк тарыхы, этнографиясы, тилдери боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана мүчө мамлекеттердин билим берүү мекемелеринде колдонуу үчүн жалпы окуу китептери жана окуу материалдарын даярдоо болуп эсептелет.

Академия 90дон ашуун басылмаларды чыгарган жана түрк мамлекеттеринин жалпы тарыхын, маданиятын жана мурасын жайылтуу максатында бирдиктүү адабият, география, тарых окуу китептери боюнча иштерди жүргүзүүдө. Мындан тышкары, «Түрк Барометри» деп аталган социалдык изилдөө долбоорун жүзөгө ашырып келет. Академия археологиялык изилдөөлөрдү жана казууларды жүргүзүп, Монголияда түрк дооруна тиешелүү байыркы артефакттарды ачууга жетишкен.

Толук маалыматты Академиянын расмий веб-сайтынан алсаңыз болот: https://turkicacademy.org/en