Мамлекет башчыларынын кеңеши (МБК)
Мамлекет башчыларынын кеңеши (МБК) – Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) эң жогорку чечим кабыл алуучу органы болуп саналат. Мында уюмдун негизги иш багыттары мүчө мамлекеттердин лидерлери тарабынан аныкталат. Кезектеги Саммитти өткөргөн өлкө, кийинки Саммитке чейин Уюмга төрагалык кылат жана МБК жыйындарын башкарат. МБК жыйыны же башкача айтканда ТМУ Саммити ар бир жолу кызматташтыктын белгилүү темасына арналып өткөрүлөт.
Азыркы күнгө чейин 11 расмий, 2 бейформал жана 2 өзгөчө МБК жыйындары өттү. Акыркы расмий жыйын 2024-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өткөн 11-ТМУ Саммитинин алкагында болду.
Тышкы иштер министрлеринин кеңеши (ТИМК)
Тышкы иштер министрлеринин кеңеши (ТИМК) – Мамлекет башчыларынын кеңешинен кийинки ТМУнун экинчи жогорку органы болуп саналат. Бул орган уюмдун негизги маселелерин талкуулоо, багыт берүүчү чечимдерди кабыл алуу үчүн негизги аянтча катары кызмат кылат.
ТИМК негизинен Мамлекет башчыларынын жылдык саммиттеринин алдында чогулуп, талкууларды жүргүзөт жана документтерди акыркы жолу макулдайт. Ошондой эле, өз ара кызыкчылыктарга тиешелүү маселелерди талкуулоо үчүн бейформалдуу же өзгөчө форматта да жыйындар өткөрүлөт. Мисалы, 2011-жылдан бери Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын алкагында ТМУнун бейформалдуу ТИМК жыйындары өткөрүлүп келет. Зарыл болгондо, мүчө мамлекеттер күн тартибиндеги тез чечилишти талап кылган маселелерди талкуулоо максатында, жыйындарды өзгөчө форматта өткөрүшөт. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 28 жолугушуу өткөрүлүп, анын ичинен 12 бейформалдуу жана 5 өзгөчө форматта өткөн.
Акыркы туруктуу ТИМК жыйналышы 2024-жылдын 6-ноябрында Бишкекте өткөн 11-ТМУ Саммитинин алдында болуп, анда Мамлекет башчылары кол коё турган документтер жыйынтыкталып, ТМУнун күн тартибиндеги ар түрдүү маселелер талкууланган.
Ак сакалдар кеңеши (АСК)
Түрк элдеринин тарыхы менен салт-санаасына шайкеш түрдө, Түрк кеңеши (азыркы Түрк мамлекеттери уюму) түзүлгөндө мүчө мамлекеттер кеңеш берүүчү-консультативдик механизм катары Ак сакалдар кеңешин (АСК) түзүү тууралуу чечим кабыл алышкан. АСК Нахчыван келишиминде Түрк кеңешинин расмий органдарынын бири катары белгиленип, ал Мамлекет башчыларынын кеңеши (МБК), Тышкы иштер министрлеринин кеңеши (ТИМК), Улук кызмат адамдарынын комитети (УКАК) жана Катчылык менен катар көрсөтүлгөн.
Кеңештин курамындагы мүчөлөр мамлекеттик башкаруу, дипломатия жана илим жаатында чоң тажрыйбага ээ инсандар. Алар Түрк мамлекеттери уюмунун алкагында түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган пикирлерди, сунуштарды, программаларды, долбоорлорду жана демилгелерди МБК жана ТИМКге тапшырып турушат. Ошондой эле, кеңеш мүчөлөрү өз тажрыйбасынын негизинде ТМУнун учурдагы долбоорлорунун ишке ашырылышына көмөктөшүп, айрым көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жардам бере алышат.
Ак сакалдар кеңешинин башкы максаты — мүчө мамлекеттердин элдеринин тарыхын, маданиятын, тилин жана салт-санаасын сактоо жана өнүктүрүү аркылуу жогорку руханий жана моралдык баалуулуктарды колдоо. Ушул максатта, анын мүчөлөрү эл аралык конференцияларга, семинарларга, тренингдерге жана кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган башка иш-чараларга активдүү катышып келишет. Мындан тышкары, кеңешке МБК тарабынан жүктөлгөн башка иш-аракеттерди да жүргүзүү милдети жүктөлгөн.
2021-жылдын 11-ноябрында Стамбулда өткөн ТМУнун 8-Саммитинде кабыл алынган өзгөртүүлөр аркылуу Ак сакалдар кеңешинин түзүмү мындан ары бекемделген. Азыркы күнгө чейин кеңеш 16 жолу жыйын өткөрүп, акыркы жолугушуу 2024-жылдын 28–29-ноябрында Будапешт шаарында өткөн.
"Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040" жана ТМУнун 2022–2026-жылдарга карата стратегиясы
2021-жылдын 12-ноябрында Стамбул шаарында өткөн Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) 8-Саммитинде мамлекет башчылары тарабынан кабыл алынган «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» түрк дүйнөсүндө 2040-жылга чейинки кызматташтык жана координациянын негизги багыттарын камтыган стратегиялык документ болуп эсептелет.
Бул документтин башкы максаты – мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты акырындык менен интеграцияга багыттап өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн бирдиктүү көз карашты жана аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон конкреттүү чараларды аныктоо. Документте мүчө мамлекеттердин эрки менен кызыкчылыктарын чагылдырган чечкиндүү максаттар белгиленип, түрк кызматташтыгынын стратегиялык багытын аныктап берүү көздөлгөн. Ошону менен бирге, «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» динамикалуу мүнөзгө ээ документ катары мүчө мамлекеттер ортосундагы ачык диалог аркылуу өнүгүп, уюмдун узак мөөнөттүү максаттарын тактоого жана 2040-жылга чейинки багыттарын аныктоого шарт түзөт.
Документте коюлган максаттар стратегиялык, келечектүү жана глобалдык өнүгүү күн тартибине шайкеш келет. Ал мүчө мамлекеттердин тарыхын, маданий өзгөчөлүгүн, салтын, ресурстарын жана өнүгүүгө болгон конкреттүү муктаждыктарын эске алуу менен иштелип чыккан. Негизги багыттары жетишкендиктерди тездетүүгө жана жаралган кыйынчылыктарды мүмкүнчүлүктөргө айландырууга багытталган.
«Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» документи кабыл алынгандан тарта ТМУ өз ишмердүүлүгүн системалуу, натыйжага багытталган жана интеграцияланган жаңы ыкмада жүргүзө баштады. Бул документ мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланууга өбөлгө болгон узак мөөнөттүү максаттарды аныктаган.
Аталган документтин негизинде иштелип чыккан 2022–2026-жылдарга карата стратегия — беш жылдык мезгил ичинде мүчө мамлекеттер биргелешип ишке ашырууга тийиш болгон практикалык кадамдарды жана максаттарды камтыйт. Жандуу документ катары бул стратегия да мүчө мамлекеттердин ортосундагы ачык жана туруктуу консультациялар аркылуу өнүгүп, биргелешкен аракеттерди координациялоого көмөктөшөт жана өлкөлөрдүн улуттук өнүгүү максаттарына жетүүсүнө салым кошот.
Коопсуздук жаатындагы кызматташтык
Коопсуздук жаатындагы кызматташтык акыркы глобалдык жана регионалдык окуялар, ошондой эле салттуу жана салттуу эмес коркунучтардын жана чакырыктардын көбөйүшү менен Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) алкагында маанилүү ролду ойной баштады. Бул багытка өзгөчө көңүл бурулганын ТМУнун негизги документтери – Саммиттердин декларациялары, «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» жана 2022–2026-жылдарга карата ТМУнун стратегиясы даана көрсөтүп турат.
Мындан тышкары, ТМУнун Саммиттеринде мамлекет башчылары саясий жана коопсуздук маселелеринде мүчө мамлекеттер ортосунда тыгыз координацияны камсыз кылуу үчүн регулярдуу саясий жана коопсуздук консультацияларын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешкен. Ошондой эле күтүлбөгөн өзгөрүүлөргө жана коркунучтарга жооп кайтаруу үчүн бирдиктүү коопсуздук позициясын жана макулдашылган аракеттерди жүргүзүү зарылдыгын белгилешкен.
Ушул максатта, 2022-жылдан бери ТМУга мүчө мамлекеттердин Улуттук коопсуздук кеңештеринин (УКК) катчыларынын деңгээлинде коопсуздук консультациялары жигердүү жүргүзүлүп келет.
УККлардын биринчи, экинчи жана үчүнчү жолугушуулары 2022-жылы Анкара шаарында, 2023-жылы Ташкентте жана 2024-жылы Түркстанда өттү. Мамлекет башчылары мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз улантуу зарылдыгын белгилешти. ТМУнун УКК катчыларынын төртүнчү жолугушуусу 2025-жылы Кыргызстанда өтөт.
Бул коопсуздук консультацияларында мүчө мамлекеттер ТМУ аймагындагы жана дүйнөдөгү учурдагы коопсуздук абалы менен жаңыдан жаралган чакырыктарды кеңири талкуулашат. Ошондой эле түрк аймагына таасир тийгизиши мүмкүн болгон аймактык жана глобалдык процесстердин кесепеттерин карап чыгышат. Мындан тышкары, ТМУ алкагында коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн конкреттүү долбоорлор жана программалар аркылуу практикалык механизмдерди иштеп чыгууга басым жасашат.
Шайлоолорду байкоочу миссиялар
Түрк мамлекеттери уюму (ТМУ) мүчө мамлекеттерде шайлоонун ачык, адилеттүү жана демократиялык шартта өтүшүн камсыздоо максатында эл аралык байкоочу миссияларын жөнөтүү аркылуу шайлоо процесстерине катышып келет. Бул миссияларга мүчө мамлекеттердин Борбордук шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү, ТМУ өлкөлөрүнүн илимпоздору жана ТМУ Катчылыгынын кызматкерлери кирет. 2011‑жылдан бери ТМУ мүчө жана байкоочу мамлекеттерде өткөн президенттик, парламенттик шайлоолорго жана референдумдарга 40тан ашык эл аралык байкоочулар миссиясын жиберип, тиешелүү өлкөлөрдө саясий катышууну колдоп келүүдө.
Будапешт шаарындагы өкүлчүлүк кеңсеси
2019-жылдын 3-сентябрында Чолпон-Ата шаарында өткөн Түрк Кеңешинин (азыркы Түрк мамлекеттер уюму) 6-Саммитинде Венгрия Түрк Кеңешине байкоочу мүчө катары кабыл алынды. Бул Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) үчүн тарыхый учур болгон, анткени Венгриянын байкоочу макамды алышы менен Уюм өзүнүн биринчи кеңейүүсүн жүзөгө ашырган.
Венгриянын Түрк мамлекеттери уюму менен расмий кызматташтыгы башталгандан кийин, ал достук мамиледеги түрк мамлекеттеринин баалуу өнөктөшүнө айланып, кыска убакыттын ичинде Уюмдун кызматташтык түзүмүнө тыгыз интеграцияланды. Венгриянын «Чыгышка ачылуу» деп аталган тышкы саясаттагы багытынын алкагында, ал өзгөчө экономикалык тармакта, ТМУнун сектордук аракеттерине маанилүү салым кошту.
Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан ТМУ менен өнөктөштүктү күчөтүү максатында Будапештте ТМУнун Европадагы кеңсесин түзүүнү сунуштады. Кеңсе 2019-жылдын сентябрында мүчө мамлекеттердин жана Венгриянын тышкы иштер министрлеринин катышуусу менен расмий ачылып, иштей баштады. Кеңсе ТМУ менен Венгриянын ортосундагы мамилелерди чыңдоо менен бирге, Уюмдун Европа өлкөлөрү жана институттары менен байланыштарын кеңейтүү багытында да иш алып барууда. Ал саясий, экономикалык, тарыхый, маданий жана өз ара кызыкчылык жараткан башка тармактарда программаларды жана долбоорлорду жүргүзүү менен бирге, мүчө мамлекеттердин жана Венгриянын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкка да көмөктөшүүдө. Ошондой эле, бул кеңсе түрк кызматташтык уюмдары – ТҮРКСОЙ, ТҮРКПА, Түрк Академиясы, Түрк Маданият жана Мурас Фонду, ТИФ менен тыгыз кызматташып, Венгрияда биргелешкен иш-чараларды өткөрүп келет.
Мындан тышкары, 2022-жылдын ноябрында Самаркандда өткөн Саммитте Будапешттеги ТМУ өкүлчүлүгүндө Кургакчылыкка каршы институттун түзүлүшү Венгрия менен Тюрк мамлекеттеринин жемиштүү кызматташтыгынын дагы бир далили болуп саналат.
Мамлекет башчыларынын тышкы саясат боюнча кеңешчилери жана жардамчыларынын кызматташтыгы жана тышкы иштер министрлеринин орун басарлары деңгээлиндеги саясий консультациялар
Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Биринчи Саясий пландоо консультациялары 2022-жылдын 24-июнунда Түркиянын Стамбул шаарында өткөрүлдү. Жолугушуу Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан ТМУнун Катчылыгынын штаб-квартирасында уюштурулду. Жыйында катышуучулар глобалдык стратегиялык көрүнүштөр жана жакынкы мезгилде күтүлүп жаткан негизги окуялар боюнча пикир алмашышты. Ошондой эле, Европа жана Азиядагы саясий жана экономикалык өнүгүүлөр, аймактык стратегиялык көрүнүш жана ТМУнун бул контексттеги ролу талкууланды.
8-Саммитте кабыл алынган “Тюрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040” документине таянып, катышуучулар мүчө жана байкоочу мамлекеттер арасындагы кызматташтыкты жана тилектештикти чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Жыйын учурунда Европа, Азия жана башка аймактардагы коопсуздук жана байланыш маселелери да каралды. Катышуучулар консультацияларды мүчө жана байкоочу мамлекеттердин тиешелүү органдары үчүн туруктуу механизмге айландырууну макулдашты.
Экинчи саясий пландоо консультациялары 2023-жылдын 18-майындаБаку шаарында Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кожоюндугунда өткөрүлүп, глобалдык жана аймактык стратегиялык көрүнүш, ТМУнун келечектеги өнүгүү сценарийлери, ошондой эле тюрк маданияты жана тилдеринин дүйнө жүзүндө жайылышы талкууланды.“Тюрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040” жана ТМУнун 2022-2026 жылдарга карата Стратегиясы документтерине таянып, катышуучулар мүчө жана байкоочу мамлекеттер арасындагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Мүчө мамлекеттердин кызыкчылыгына таасир этүүчү регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча биргелешкен позицияны түзүү жана зарыл учурда мүчө мамлекеттердин бирдиктүү аракетин камсыз кылуу максатында, саясаттык консультацияларды ТМУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде өткөрүү чечими кабыл алынган.
Тышкы саясатты изилдөөчү расмий борборлордун кызматташуусу
Мүчө мамлекеттердин расмий тышкы саясат изилдөө борборлору ортосундагы кызматташтык процесси ТМУ Катчылыгы тарабынан башталган. Расмий тышкы саясат изилдөө борборлору ортосундагы алгачкы жыйын 2015-жылдын 8-майында Азербайжан Республикасынын Президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр борбору (СИБ) тарабынан уюштурулуп, Баку шаарында өткөн. Бул жолугушуудан кийин мүчө мамлекеттердин тышкы саясатты изилдөөчү расмий борборлорунун ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлган.
Расмий тышкы саясат изилдөө борборлору арасындагы алгачкы жыйындын алкагында кабыл алынган чечимдин негизинде, Түркиянын СИБи тарабынан “Түрк мамлекеттер уюмунун 5-Саммити: Евразиядагы аймактык кызматташтыктын өсүп келе жаткан субъектиси” аттуу атайын басылма даярдалып, Саммит маалында Мамлекет башчыларына сунушталган. Азербайжандын СИБи башка борборлордон изилдөөчүлөр үчүн стажировка программасын баштаган. Анын натыйжасында “Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттер: инфраструктура, соода, логистика жана транспорт” аттуу англис тилиндеги атайын отчет 2017-жылдын ноябрында жарыяланган. Отчёттун авторлору — СИБдин Экономикалык анализ жана глобалдык иштер бөлүмүндөгү изилдөөчү Махир Хумбатов (Лондондогу SOAS университетинде PhD кандидаты) жана Бейкент университетинин доценти Казым Сары. Бул отчет Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана Түркмөнстандын логистикалык жана транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө багытталган. Ошондой эле өлкөлөрдүн соода-экономикалык байланыштарына, инфраструктуралык долбоорлоруна жана келечектеги өнүгүү пландарына да басым жасалган. ТМУ жана Түркиянын СИБи мүчө мамлекеттердин көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арналган атайын академиялык басылманы 6-Саммит учурунда чыгарган.
Бешинчи жолугушуу 2019-жылдын 3-октябрында Азербайжан Республикасынын Эл аралык мамилелерди талдоо борборунун (AIR Centre) кожоюндугунда Баку шаарында өткөн. Ошол эле маалда бул Борбор “Түрк мамлекеттер уюму: Нахчыван келишиминин 10 жылдыгы” аттуу эл аралык конференция уюштурган. Жыйын жана конференция учурунда тараптар өз ара мындан аркы кызматташтык перспективаларын талкуулашты, ошондой эле ТМУнун институттук түзүмүн өнүктүрүү, Уюмдун келечектеги кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү жана мүчө мамлекеттер ортосундагы кызматташтык перспективасы боюнча панелдик талкуу өткөрүштү. Нахчыван келишиминин 10 жылдыгына арналган дагы бир атайын басылма ТМУ Катчылыгы жана Азербайжандын Эл аралык мамилелерди талдоо борбору (AIR Centre) тарабынан, тараптардын расмий тышкы саясат изилдөө борборлору жана түрк кызматташтык уюмдарынын катышуусу менен чыгарылган. Ал эми 6‑жыйын 2020-жылдын 19‑ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту тарабынан видео конференция форматында өткөрүлгөн.
7‑жыйын 2021-жылдын 10‑декабрында Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин Стратегиялык Изилдөөлөр Борбору тарабынан Стамбулда өткөрүлгөн. Панел катышуучулары мүчө жана байкоочу мамлекеттердин кызматташтыгы, "Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040" документин жана анын кийинки ишке ашырылышын талкуулашкан. Экономика жана соода тармагында кызматташууну күчөтүү, биргелешкен экономикалык жана транзиттик потенциалды натыйжалуу пайдалануу маселелерине басым жасалган. Ошондой эле, “Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040” темасында атайын басылмалар чыгаруу, илимий кызматкерлер үчүн стипендия мүмкүнчүлүктөрүн кароо жана ТМУнун долбоорлору боюнча материалдарды алмашуу маселелери талкууланган. Тараптар Азербайжандын маданий борбору Шуша шаарында конференция өткөрүү боюнча макулдашышкан.
8‑жыйын 2022-жылдын 14‑октябрында Өзбекстандын Президентинин алдындагы Стратегиялык жана Эл аралык Изилдөөлөр Институту тарабынан Ташкентте уюштурулган. “ТМУ мейкиндиги: соода-экономикалык кызматташтыкты жана транспорт-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн келечеги” темасында өткөн жолугушууга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана Венгриянын расмий изилдөө борборлорунун өкүлдөрү катышкан. Ошондой эле Өзбекстандагы Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университети, Чыгыш таануу университети жана Транспорт университетинен илимий кызматкерлер катышышкан.
Эксперттер жаңы геосаясий шарттарда кызматташуунун келечеги, өнөр жай, энергетика, айыл чарба жана соода тармагындагы ачыла элек мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле ТМУ өлкөлөрүнүн транспорт-логистикалык байланыштары боюнча кеңири талкуу жүргүзүшкөн. Алар өз сунуштарын ТМУнун Катчылыгына беришкен. Делегациялардын жетекчилери мүчө жана байкоочу мамлекеттердин расмий изилдөө борборлорунун ортосунда үзгүлтүксүз байланыш жана комплекстүү кызматташууну камсыз кылуу максатында Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшкан.
Жаш дипломаттар үчүн биргелешкен окутуу программасы
Түрк мамлекеттер уюмунун 3-Саммитинде кол коюлган “Тышкы иштер министрликтери ортосундагы кызматташтык жөнүндө Протоколго” ылайык, “Жаш дипломаттар үчүн биргелешкен окутуу программасы” ТМУнун Катчылыгынын ишмердүүлүгүнө киргизилген. Бул окутуу программасы катышуучуларды Мүчө мамлекеттердин тилдери менен тааныштыруу максатында тил курстарын камтыйт, жалпы өзгөчөлүктөргө басым жасайт, ошондой эле жалпы тюрк тарыхы, эл аралык уюмдар, сүйлөшүү ыкмалары, коомчулук менен байланыш, эл аралык жана аймактык уюмдардын ролу, коопсуздук маселелери жана тышкы саясий приоритеттер, соода жана транспорттук тармактар, региондогу жаңжалдар жана Тюрк мамлекеттеринин жалпы маданий дипломатиясы боюнча сессияларды камтыйт. Акыркы 6‑чы Биргелешкен Окутуу Программасы 2019-жылдын 12–26-майында Азербайжандын Дипломатиялык Академия университети (ADA University) университети менен тыгыз кызматташтыкта ийгиликтүү өткөрүлгөн.
Бул окутуу программасы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Түштүк-Түштүк кызматташтык бюросунун “Тынчтык жана өнүгүү боюнча Түштүк-Түштүк иш-аракеттери” басылмасында “Түштүк-Түштүк кызматташтыгы жана дипломатия: жаш дипломаттар үчүн окутуу программасы (JDTP)” аталышы менен кейс изилдөө катары киргизилген. Ал 2019-жылдын 19-мартында Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында өткөн БУУнун Түштүк-Түштүк кызматташтыгы боюнча экинчи жогорку деңгээлдеги конференциясынын жүрүшүндө “Тынчтык жана өнүгүү үчүн түштүк-түштүк кызматташтыгы” BAPA+40 кошумча иш чарасында сунушталган. Анда ТМУ жаш дипломаттар ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында атайын окутуу демилгесин иштеп чыкканы белгиленген. Программа 2014‑жылы башталгандан бери 138 жаш дипломат окутуудан өтүп, алардын 65и аялдар болгон. Пандемияга байланыштуу программа убактылуу токтотулган. Кийинки программа Казакстанда өткөрүлүшү пландалууда.
Last Update: 19:13:29




