Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) — түрк мамлекеттеринин ортосунда ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган өкмөттөр аралык уюм. Уюм 2009-жылы Нахчыван келишиминин кол коюлушу менен негизделген.
ТМУнун мүчө мамлекеттери: Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан. Байкоочу макамы төмөнкү уюмдарга жана өлкөлөргө берилген: Венгрия (2018), Түркмөнстан (2021), Түндүк Кипр Түрк Республикасы (2022) жана Экономикалык кызматташтык уюму – ECO (2023).
Түрк мамлекеттер уюмунун негизги органдары:
» Мамлекет башчыларынын кеңеши
» Тышкы иштер министрлеринин кеңеши
» Аксакалдар кеңеши
» Улук кызмат адамдарынын комитети
» Катчылык
Ишмердүүлүк
Уюмдун башкы чечим кабыл алуучу органы — Мамлекет башчыларынын кеңеши болуп саналат. Кеңешке учурда төрагалык кылган мамлекеттин башчысы жетекчилик кылат. Төрагалык мүчө мамлекеттердин аталышынын алфавиттик тартибине ылайык кезектешүү жолу менен жүргүзүлөт. Азыркы учурда төрагалык кылуу укугу Азербайжан тийиштүү.
Ак сакалдар кеңеши — Түрк мамлекеттер уюмунун курамындагы туруктуу кеңеш берүүчү орган болуп эсептелет. Бул орган түрк дүйнөсүнүн маданий мурасында терең орун алган улуу муундун акыл-насаатына таянуу салтын улантат. 2021-жылы Стамбул шаарында өткөн 8-саммиттин алкагында Кеңештин ишмердүүлүгүн күчөтүү жана анын потенциалын толук пайдалануу максатында, тиешелүү жоболор жаңыланып, мамлекет башчылары тарабынан бекитилген. Кеңештин төрагасы катары Түркия Республикасынын Ак сакалы Бинали Йылдырым дайындалган.
Түрк мамлекеттер уюму ошондой эле Анкара шаарында жайгашкан Эл аралык түрк маданияты уюму (TÜRKSOY), Бакудагы Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясы (TÜRKPA) жана Түрк маданияты жана мурасы фонду, Астана шаарындагы Эл аралык түрк академиясы, Стамбулдагы Түрк соода-өнөр жай палатасы жана Түрк инвестициялык фонду сыяктуу түрк кызматташтыгынын механизмдерин бириктирген башкы уюм катары да иш алып барат.




