27 - Картографиялык мекемелер ортосундагы кызматташтык
27 - Картографиялык мекемелер ортосундагы кызматташтык

Максаттар

Ата-бабаларыбыз тарыхта улуу цивилизацияларды негиздеп, бизге бай маданий жана илимий мурастарды калтырып кетишкен. Түрк илимпоздору жана ойчулдары математика, физика, астрономия жана география сыяктуу дүйнөлүк илимге чоң салым кошушкан. Картография дагы бул тармактан четте калган эмес, ал да Түрк дүйнөсүндө жаралып, өнүккөн.

XI кылымда улуу бабабыз, энциклопедист-илимпоз Махмуд Кашгари «Диуан Лугат ат-Түрк» аттуу эмгегинде түрк элдеринин тарыхы, жашоо образы жана маданияты жөнүндө баалуу маалыматтарды берип, дүйнөнүн эң алгачкы байыркы карталарынын бирин тартып, китепке кошкон.

XVI кылымда Осмон империясынын мезгилинде жашаган дагы бир дүйнөгө белгилүү түрк илимпозу жана картографы — Пири Рейс. Анын картасы Түндүк жана Түштүк Американын жээктерин салыштырмалуу так көрсөткөн алгачкы белгилүү карталардын бири болгон. Бул тармактагы кызматташтыкты улантуу жана өнүктүрүү ТМУнун приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат.

Механизмдер

Түркия тараптын демилгеси менен 2024-жылдын 30-апрелинде Түрк мамлекеттеринин Картография боюнча жумушчу тобунун биринчи жыйыны видеоконференция форматында өткөрүлүп, бардык тараптар бул тармакта кызматташтык платформасын түзүү демилгесин кубатташты.

2024-жылдын 30-сентябрынан 1-октябрына чейин Анкара шаарында Түрк мамлекеттеринин Картография мекемелеринин жетекчилеринин биринчи жыйыны өтүп, анын алкагында жаңы кызматташтык механизми — Түрк мамлекеттеринин картографиялык мекемелеринин кызматташуусу үчүн платформа түзүлдү.


Last Update: 16:32:05