БУУнун Түштүк-Түштүк кызматташтыгы боюнча кеңсеси

БУУнун Түштүк-Түштүк кызматташтыгы боюнча кеңсеси
Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) 2016-жылдын 4-апрелинде Стамбулда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Түштүк-Түштүк кызматташтык боюнча кеңсеси (UNOSSC) менен Өз ара түшүнүшүү Меморандумуна (ӨТМ) кол коюп, эки тараптуу кызматташтыгын күчөттү.

2016 жана 2017-жылдар аралыгында эки уюмдун жетекчилери Нью-Йорк жана Стамбул шаарларында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, Глобалдык Түштүк аймагында кызматташтыкты чыңдоонун жолдорун талкуулашты.

ТМУнун Катчылыгы 2016-жылдын декабрь айында жана 2018-жылдын октябрь айында Бонн шаарында Туруктуу өнүгүү боюнча БУУ Системасынын Кызматкерлер Колледжинин Билим борбору менен БУУнун Түштүк-Түштүк кызматташтык боюнча кеңсесинин биргелешкен уюштуруусунда «Түштүк-Түштүк жана Үч тараптуу кызматташтыкты 2030-жылдагы күн тартибин ишке ашырууда БУУнун стимулдаштыруучу колдоосу» боюнча тренингге катышты. Ошондой эле, Катчылык 2016-жылдын 30-31-мартында Нью-Йоркто БУУнун Түштүк-Түштүк кызматташтык боюнча кеңсесинин мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү боюнча семинарына катышып, ТМУнун Глобалдык Түштүк өлкөлөрүнө болгон аракеттери жөнүндө баяндама жасаган. 


Бул өз ара пайдалуу кызматташуунун натыйжасында БУУнун Түштүк-Түштүк кызматташтык боюнча кеңсеси, 2016-жылдын 20–21-октябрында Стамбул шаарында ТМУ жана БУУнун Маданияттар Альянсы тарабынан уюштурулган «Жаштардын радикалдашууга каршы / экстремизмди алдын алуудагы ролу» аттуу Эл аралык конференциянын өнөктөштөрүнүн бири болгон. Мындан тышкары, конференцияда өткөрүлгөн ой жүгүртүү сессияларынын биринде «Кыйратуучу экстремизмге каршы күрөшүүдө (P/CVE) Түштүк-Түштүк кызматташтыкты кантип жакшыртууга болот?» деген маселе каралган.

Катчылык ошондой эле 2016-жылдын 31-октябры – 3-ноябры аралыгында Дубай шаарында өткөн Глобалдык Түштүк-Түштүк өнүгүү (GSSD) EXPO көргөзмөсүнө катышкан.


Катчылык БУУнун Түштүк–Түштүк Кызматташтык боюнча Кеңсеси тарабынан даярдалган “Түштүк-Түштүк жана үч тараптуу кызматташтык: Европада жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде туруктуу адам өнүгүүсүнө карай” аттуу отчеттун даярдалышына салым кошкон. Бул отчетто ТМУ Түштүк-Түштүк жана үч тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн негизги аймактык уюмдардын бири катары көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, аталган кеңсенин сунушунун негизинде «Иш-аракеттеги Түштүк–Түштүк: Тюрк кеңеши регионалдык жана глобалдык өнүгүүнү илгерилетүү үчүн Түштүк–Түштүк кызматташтыгын кандайча пайдаланат» аттуу ТМУ менен Кеңсенин биргелешкен отчоту көз карандысыз автор тарабынан даярдалган. Бул отчет 2017-жылдын 25-сентябрында Нью-Йорктогу БУУ Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясынын алкагында тааныштырылган. Иш чарага БУУнун Цивилизациялык Альянсынын Жогорку өкүлү Насир Абдул Азиз Аль-Нассер, БУУнун Башкы катчысынын орун басары жана БУУнун Өнүгүү программасынын жардамчы администратору Жихан Султаноглу, ТМУ мүчө-мамлекеттеринин БУУдагы туруктуу өкүлдөрү жана алардын орун басарлары, Түркиянын Башкы консулу, ошондой эле башка өлкөлөрдүн БУУдагы миссияларынын өкүлдөрү жана БУУнун тийиштүү органдарынын кызматкерлери катышкан. 

Отчет ТМУ жүргүзгөн иш-аракеттерди Түштүк–Түштүк кызматташтыгынын призмаcы аркылуу чагылдырып, Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүү жолунда уюмдун аракеттеринин жыйынтык баяндамасы катары кызмат кылган. Документте айрыкча №4 — «Сапаттуу билим», №5 — «Гендердик теңчилик», №8 — «Ыктыярдуу жана туруктуу экономикалык өсүш, толук жана өндүрүмдүү жумуш менен камсыз кылуу», №9 — «Өнөр жай, инновациялар жана инфраструктура», №16 — «Тынчтык, адилеттүүлүк жана натыйжалуу институттар» жана №17 — «Максаттар үчүн өнөктөштүк» багыттарына өзгөчө көңүл бурулган.

ТМУ Катчылыгы 2017-жылдын 27–30-ноябрында Анталия шаарында өткөн Глобалдык Түштүк–Түштүк өнүгүү көргөзмөсүнүн (GSSD EXPO 2017) ишке ашыруучу өнөктөштөрүнүн бири болгон. Бул иш-чара БУУнун Түштүк–Түштүк кызматташтыгы боюнча кеңсеси тарабынан уюштурулуп, Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган. Катчылык көргөзмөнүн даярдоо жана өткөрүү иштерине активдүү катышып, иш-чарага БУУнун 120дан ашуун мүчө мамлекетинен 800дөн ашык өкүл катышкан. 2017-жылдын 27-ноябрында ТМУнун Башкы катчысы жогорку деңгээлдеги ачылыш аземинде сөз сүйлөп, Уюмдун бул глобалдык иш-чаранын өнөктөшү болгонун баса белгилеп, аймакта Түштүк–Түштүк кызматташтыгын өркүндөтүү боюнча Кеңсе менен тыгыз иштөөгө даяр экенин билдирген. Ачылыш аземинде Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана БУУнун Түштүк–Түштүк кызматташтыгы боюнча атайын өкүлү, Кеңсенин директору Хорхе Чедик өз сөздөрүндө көргөзмөнүн ийгиликтүү өтүшүнө кошкон баалуу салымы үчүн ТМУга ыраазычылык билдиришти. Ачылыштан кийин делегаттар ТМУнун атайын стенди жана мүчө мамлекеттердин Жибек жолу мурастарына арналган фото көргөзмө менен таанышышты.

Иш-чаранын алкагында 2017-жылдын 30-ноябрында ТМУ, Кеңсе, Жибек жолу шаарлары альянсы жана Кытайдын Эл аралык экономикалык жана техникалык алмашуулар борбору менен биргеликте “Туризмде туруктуу өнүгүү үчүн Түштүк-Түштүк кызматташтыгы боюнча шаарлардын тажрыйбасы” аттуу Жогорку деңгээлдеги тегерек стол уюштурулган. Ошондой эле 28-ноябрда БУУнун Өнүгүү программасы менен өнөктөштүктө “Түштүк-Түштүк кызматташтыгынын жакшы тажрыйбалары: трансформация аркылуу өнүгүү” аттуу Чечимдер Форуму өткөрүлгөн. Ошондой эле Катчылык аталган көргөзмөнүн алкагында өткөн Башкы директорлор форумунда да өкүлчүлүк кылган. Форумдун соңунда Кеңсе ТМУга бул глобалдык иш-чаранын ийгиликтүү өткөрүлүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык сыйлыгын тапшырган. 

Мындан тышкары, ТМУнун долбоорлор боюнча директору Жейхун Шахвердиев 2018-жылдын 27–30-ноябрында Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Түштүк–Түштүк кызматташтыгы боюнча кеңсесинин Араб мамлекеттери, Европа жана КМШ өлкөлөрү үчүн уюштурган Бешинчи аймактык байланыш форумуна жана анын алкагында өткөн Глобалдык Түштүк–Түштүк өнүгүү көргөзмөсүнө (GSSD EXPO 2018) катышкан.