Саммиттер процесси — бул Орто Азиядагы түрк мамлекеттеринин көз карандысыздык алуу менен башталган жана 2010-жылы Түрк мамлекеттер уюмунун (мурдагы аты Түрк Кеңеши) Секретариаты түзүлгөнгө чейин үзгүлтүксүз уланган маанилүү саясий процесс. Бул жолдо Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстан мамлекет башчылары бир нече ирет чогулуп, жалпы максаттарды талкуулап, кызматташтыкты бекемдеген 10 саммит өткөрүшкөн.
1992- жылдагы саммит
Анкарада Түркиянын Президенти Тургут Өзалдын чакыруусу менен жана төрагалыгында түрк мамлекеттеринин башчыларынын тарыхый саммити өткөрүлдү. Саммитке Азербайжан Республикасынын Президенти Эбулфезел Элчибей, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Аскар Акаев, Өзбекстан Республикасынын Президенти Ислам Каримов жана Түркмөнстан Республикасынын Президенти Сапармурат Ниязов катышты. Жыйындын аягында Анкара Декларациясына кол коюлду.
Жыйында түрк мамлекеттеринин ортосунда бажы мыйзамдарын шайкештештирүү аркылуу адамдардын, товарлардын жана кызматтардын эркин жүрүшүн камсыз кылган эркин соода системасын түзүү сунушталды. Ошондой эле бирдиктүү инвестиция жана өнүктүрүү банкын түзүү, темир жол, автоунаа жана аба транспорту байланышын өнүктүрүү, телекоммуникация мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү сыяктуу маселелерге басым жасалды. Мындан тышкары, түрк мамлекеттеринин табигый ресурстарын Түркия аркылуу Европага жеткирүү жана дүйнөлүк экономикага интеграциялануу үчүн экономикалык кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
1994- жылдагы саммит
1994-жылы Стамбулда Түркиянын Президенти Сулейман Демирелдин кожоюндугунда Азербайжандын Президенти Хайдар Алиевдин, Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин, Кыргызстандын Президенти Аскар Акаевдин, Өзбекстандын Президенти Ислам Каримовдун жана Түркмөнстандын Президенти Сапармурад Ниязовдун катышуусунда болуп ѳткѳн. Саммиттин соңунда Стамбул декларациясына кол коюлду.
1995- жылдагы саммит
Бишкекте Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин кожоюндугунда Азербайжандын Президенти Гейдар Алиевдин, Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин, Өзбекстандын Президенти Ислам Каримовдун, Түркиянын Президенти Сулейман Демирелдин жана Түркмөнстандын Президенти Сапармурад Ниязовдун катышуусунда өттү. Саммиттин соңунда Бишкек декларациясына кол коюлду.
1996- жылдагы саммит
Ташкентте Өзбекстандын Президенти Ислам Каримовдун кожоюндугунда Азербайжандын Президенти Гейдар Алиевдин, Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин, Кыргызстандын Президенти Аскар Акаевдин, Түркиянын Президенти Сулейман Демирелдин жана Түркмөнстандын Президенти Сапармурад Ниязовдун катышуусунда өттү. Саммиттин соңунда Ташкент декларациясына кол коюлду. Саммитте Туруктуу катчылык объектисин түзүү чечими кабыл алынды.
1998- жылдагы саммит
Астанада Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин кожоюндугунда Азербайжандын Президенти Гейдар Алиевдин, Кыргызстандын Президенти Аскар Акаевдин, Өзбекстандын Президенти Ислам Каримовдун, Түркиянын Президенти Сулейман Демирелдин жана Түркмөнстандын Президенти Сапармурад Ниязовдун катышуусунда өттү. Саммиттин соңунда Астана декларациясына кол коюлду. Саммитте Туруктуу катчылыктын жобосу кабыл алынды.
2000- жылдагы саммит
Бакуда Азербайжандын Президенти Гейдар Алиевдин кожоюндугунда Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргызстандын Президенти Аскар Акаев, Өзбекстандын Президенти Ислам Каримов, Түркиянын Президенти Сулейман Демирел жана Түркмөнстандын Президенти Сапармурад Ниязовдун катышуусунда өттү. Саммиттин соңунда Баку декларациясына кол коюлду. Туруктуу катчылыкты Туркияда түзүү чечими кабыл алынды.
2001- жылдагы саммит
Стамбулда Түркиянын Президенти Ахмет Неждет Сезердин кожоюндугунда жана Азербайжандын Президенти Хайдар Алиевдин, Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин, Кыргыз Республикасынын Президенти Аскар Акаевдин, Түркмөнстандын Президенти Сапармурад Ниязовдун жана Өзбекстандын Парламентинин Төрагасы Эркин Халиловдун катышуусунда өттү. Саммиттин соңунда Стамбул декларациясына кол коюлду.
Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев саммиттин алкагында Аксакалдар кеңешин түзүүнү, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясын түзүүнү сунуштады. Кыргыз Республикасынын Президенти Аскар Акаев Саммиттин Туруктуу катчылыгын түзүүнү сунуштады.
2006- жылдагы саммит
5 жарым жылдык тыныгуудан кийин Түркиянын демилгеси менен Анталияда саммит уюштурулду. Түркиянын Президенти Ахмет Неждет Сезердин чакыруусу менен өткөн бул жыйынга Казакстан, Азербайжан жана Кыргызстандын Президенттери, ошондой эле Түркмөнстандын Анкарадагы Элчиси катышышты. Өзбекстан саммитке катышкан жок. Саммиттин жүрүшүндө Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев 2001-жылдагы сунуштарын кайталап, кызматташтыкты улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
2009- жылдагы саммит
2009-жылдын 2-3-октябрында Нахчыван шаарында Азербайжандын Президенти Илхам Алиевдин демилгеси менен уюштурулган. Саммитке Түркиянын Президенти Абдуллах Гүл, Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргызстандын Президенти Курманбек Бакиев жана Түркмөнстандын Вице-президенти катышышты. Өзбекстан болсо катышкан жок. Аталган Саммиттин жүрүшүндө Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия тарабынан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин түзүү боюнча Нахчыван келишимине кол коюлду. Түркмөнстан болсо Макулдашуунун катышуучусу болгон эмес.
2010 – жылдагы саммит
Түркиянын Президенти Абдуллах Гүлдүн төрагалыгында 2010-жылдын 15-16-сентябрында Стамбулда өткөрүлгөн. Жыйынга Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргызстан Республикасынын Президенти Роза Отунбаева жана Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердимухамедов катышты. Өзбекстан болсо жыйынга катышкан жок. Аталган саммит аркылуу Нахчыван келишими менен түзүлүшү чечилген жана анын курамында Мамлекет башчыларынын Кеңеши, Тышкы иштер министрлеринин Кеңеши, Аксакалдар Кеңеши, Улук Кызмат Адамдарынын Кеңеши жана Катчылык болгон Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңеши түзүлдү. Муну менен катар, Түрк кызматташтык Кеңешинин Стамбулда жайгашкан катчылыгына Элчи Халил Акынжынын Башкы катчы болуп дайындалды. Ошондой эле жыйында Түрк кызматташтык Кеңешинин Мамлекет башчыларынын жыйынынын биринчи отуруму 2011-жылы Казакстанда, кийинки экинчи отуруму 2012-жылы Кыргызстанда өткөрүлүшү чечилди.
2010-жылдын 23-25-ноябрында Анкара шаарында Катчылыктын уставы, Аксакалдар Кеңешинин уставы жана каржы негиздери талкууланып, Катчылыктын бюджети боюнча принциптер бекитилди. Ошондой эле Түрк Кеңешинин Улук кызмат адамдар комитетинин биринчи жыйыны өткөрүлдү.
2010-жылдан кийинки мезгил
2010-жылдан кийин Түрк мамлекеттери уюму (ТМУ) активдүү иштеп, ар жылы маанилүү жыйындарды өткөрүп келет. 2011-жылы Алматыда, 2012-жылы Бишкекте, 2013-жылы Габалада, 2014-жылы Бодрумда, 2015-жылы Астанада, 2018-жылы Чолпон-Атада, 2019-жылы Бакуда, 2021-жылы Стамбулда, 2022-жылы Самаркандда, 2023-жылы Астанада жана 2024-жылы Бишкекте уюмдун 11 жыйыны ийгиликтүү өткөрүлдү.
Ошондой эле мамлекет башчылары 2020-жылдын апрелинде онлайн форматта жана 2023-жылдын мартында Анкарада эки бейрасмий жыйынга чогулушту. Мындан тышкары, 2021-жылдын март айында онлайн өткөрүлгөн Түркстан жыйыны, 2024-жылдын июль айында өткөрүлгөн Шуша жыйыны жана 2025-жылдын май айында өткөрүлгөн Будапешт жыйыны сыяктуу үч бейрасмий саммит өттү.
Жыл сайын уюштурулуучу саммиттерге мүчө мамлекеттердин Президенттери, Тышкы иштер министрлери жана зарыл деп табылган башка министрлер катышышат.




