Максаттар
Түрк мамлекеттери уюму (ТМУ) маалымат жана байланыш технологиялары (МБТ) жаатында аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Бул аракеттер аркылуу уюм санариптик трансформацияны, инновацияны жана технологиялык өнүгүүнү илгерилетүүнү көздөйт. ТМУнун демилгелери электрондук башкаруу, киберкоопсуздук жана МБТ инфраструктурасын өнүктүрүү жаатында кызматташтыкты күчөтүп, мүчө мамлекеттерге аймактык жана глобалдык чакырыктарга жооп берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Негизги басым билим алмашууга, жөндөмдү жогорулатууга жана санариптик технологияларды мамлекеттик жана жеке секторлорго интеграциялоого жасалат. Мындан тышкары, ТМУ стартаптар үчүн ыңгайлуу экосистеманы түзүүгө жана инновация борборлорун колдоого көңүл буруп, түрк аймагындагы технологиялык атаандаштыкты жогорулатууга умтулат.
Механизмдер
ТМУ өз максаттарын мүчө мамлекеттер ортосунда өз ара аракеттенүүнү жана билим алмашууну колдогон ар кандай механизмдер аркылуу жүзөгө ашырат.
Министрлердин жыйындары
- МБТ жаатындагы министрлердин өзгөчө жыйыны — 2019-жылдын 9-сентябрында Будапештте (ITU World Telecom 2019 алкагында);
- Киберкоопсуздук боюнча кичи-жумушчу топтун онлайн өзгөчө жыйыны — 2020-жылдын 21-сентябры;
- МБТ жаатындагы министрлердин өзгөчө жыйыны — 2022-жылдын 26-майында Баку шаарында “TEKNOFEST” Авиация, космос жана технология фестивалынын алкагында;
- МБТ жаатындагы министрлердин 4-жыйыны — 2022-жылдын 26-октябры, Самарканд;
- МБТ жаатындагы министрлердин өзгөчө онлайн жыйыны — 2023-жылдын 20-июну, Казакстанда өткөрүлдү;
- МБТ жаатындагы министрлердин 5-жыйыны жана МБТ кызматташтык боюнча жумушчу топтун 6-жыйыны — 2023-жылдын 6-7-декабрында Бишкек.
Форумдар, конференциялар жана семинарлар
- “Дүйнөлүк бажы уюму МБТ 2017” — 2017-жылдын 7-июну, Тбилиси, Грузия;
- Азербайжанга (“ASAN Кызмат”) жана Казакстанга (“Зерде Холдинг”) таанышуу сапары — 2021;
- “InnoWeek.Uz-2021” алкагындагы “Тюрк аймагында инновация жана технологиянын ролу” темасындагы атайын форум — 2021-жылдын 23-ноябры, Ташкент, Өзбекстан;
- 4‑чү “Санарип көпүрө 2022” Эл аралык технологиялык форум — 2022-жылдын 28-29-сентябры, Астана, Казакстан;
- ТМУ мүчө мамлекеттеринин өкүлдөрү үчүн Түркиядагы “Технопарк жана инновация борборлоруна” таанышу программасы — 2023-жылдын 9-11-майы, Анкара жана Стамбул;
- ТМУ мүчө мамлекеттеринин улуттук мобилдик жана интернет операторлорунун онлайн жыйыны “Санарип жибек жолу” — Транс-Каспий Оптикалык булак кабели — 2023-жылдын 11-апрели.
Нормативдик-укуктук алкак
ТМУнун маалыматтык-байланыш технологиялар (МБТ) жаатындагы кызматташтык алкагы мүчө жана байкоочу мамлекеттердин өз ара байланышкан түйүнү аркылуу иштейт. Бул алкак биргелешкен максаттарга жетүүдө координацияны камсыз кылат. Бул алкактын негизги багыттарынын бири — киберкоопсуздук жана санариптик инфраструктураны өнүктүрүү сыяктуу актуалдуу МБТ маселелерин чечүү үчүн түзүлгөн кичи-жумушчу топторду жана биргелешкен платформаларды түзүү. «Санарип Жибек Жолу» жана «Глобалдык Мамлекеттик Кызматтар Платформасы» сыяктуу биргелешкен демилгелер туруктуу санариптик экосистеманы түзүүгө багытталган. Ошондой эле, спутниктен алынган маалыматтарды алмашуу, космостук технологияларды өнүктүрүү жана мобилдик түзмөктөрдү каттоо боюнча жалпы система түзүү аракеттери ТМУнун бул жааттагы стратегиялык тереңдигин чагылдырат. «Акылдуу шаарлар концепциясы» сыяктуу макулдашуулар аркылуу ТМУ технологиялык инновация жана инфраструктуралык өнүгүү үчүн комплекстүү алкак түзүүдө.
Кызматташтыкты бекемдөө максатында Уюм төмөнкү механизмдерди колдонууда:
- Өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумдар сыяктуу кызматташтык келишимдерин түзүү;
- Атайын темалар боюнча кичи жумушчу топторду өнүктүрүү.
Бул механизмдер ТМУга мүчө мамлекеттер арасында туруктуу диалогду камсыз кылууга жана практикалык жыйынтыктарга жетүүгө өбөлгө түзөт.
Долбоорлор
ТМУ региондогу МБТ өнүгүүсүн жүзөгө ашыруу максатында бир катар трансформациялык долбоорлорду баштаган.
- Санарип Жибек Жолу: Транс-Каспийдик оптикалык булак долбоору – интернет байланышын күчөтүп, кең тилкелүү инфраструктураны кеңейтет жана аймактагы өсүп жаткан интернет трафик муктаждыктарын камсыздайт.
- Электрондук Өкмөт жана санариптештирүү: Электрондук кол тамгаларды өз ара таануу жана чек ара аралык санариптик мамлекеттик кызматтарды өнүктүрүү аркылуу калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу.
- Биргелешкен cпутник долбоору: Мүчө мамлекеттер суу ресурстарын башкаруу, кырсыктарды көзөмөлдөө жана айыл чарба тармагында колдонуу үчүн спутник иштеп чыгууда жана учурууда кызматташууда.
- Түрк метаөлчөмү жана венчурдук фонд: Жогорку технологияларды колдонуу жана санариптик инновацияларды өнүктүрүү үчүн инвестиция тартууга багытталган демилге.
- Түрк мейкиндигиндеги стартап өрөөнү: Венчурдук фонддор, билим берүү программалары жана рынокко чыгуу мүмкүнчүлүктөрү аркылуу стартаптар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү.
- Талаа сапарлары жана окутуу программалары: “Bilkent Cyberpark” жана Силикон өрөөнүндө өткөрүлгөн программалар аркылуу мыкты тажрыйбаларды жайылтуу жана технопарктар менен стартаптар ортосунда кызматташтыкты бекемдөө.
- Космостук кызматташтык: Космостук изилдөө, спутник маалыматтарын алмашуу жана биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүү аркылуу аймактык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.
Last Update: 14:29:07




