ТҮРК ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ФОНДУ

ТҮРК ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ФОНДУ
Түрк инвестициялык фонду (ТИФ) – түрк мамлекеттеринин алгачкы биргелешкен каржылык институту болуп саналат. Ал Түрк мамлекеттер уюмунун 2023-жылдын 16-мартында Анкара шаарында өткөн Өзгөчө саммитинде кол коюлган макулдашуунун негизинде түзүлгөн.

Фонддун максаты – мүчө мамлекеттердин экономикалык потенциалын мобилизациялоо, соода жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле аймактык өнүгүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду колдоо.

ТИФтин уставдык капиталы 600 млн АКШ долларын түзөт. Бул түрк мамлекеттери тарабынан түзүлгөн биринчи жана башкы биргелешкен каржылык мекеме болуп, мүчө мамлекеттер ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. Учурда Фонддун курамына Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Түркия жана Өзбекстан кирет. 

Алдынкы жылдары Фонддун капиталы кыйла көбөйтүлүп, өзгөчө чакан жана орто бизнести (ЧӨБ) каржылоо аркылуу колдоого басым жасалат. Ошондой эле эл аралык каржылык уюмдар менен кызматташуу аркылуу да ресурстар тартылат. Фонддун артыкчылыктуу багыттары төмөнкүлөр:

  • айыл чарба жана азык-түлүк өнөр жайы, агробизнестик долбоорлор;
  • логистика жана транспорт;
  • энергиянын натыйжалуулугу, кайра жаралуучу жана альтернативдик энергия булактары;
  • өнөр жай өндүрүшү (текстиль, автоунаа, фармацевтика жана медициналык жабдуулар, авиациялык жана химиялык өнөр жай ж.б.);
  • маалыматтык-коммуникациялык технологиялар;
  • туризм;
  • инфраструктуралык долбоорлор;
  • мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк долбоорлору;
  • адамдык капиталды өнүктүрүү;
  • чыгармачыл индустрия (санариптик экономика, маданий иш-чаралар, музыка, кино, дизайн ж.б.);
  • стартаптар жана жаш ишкерлерди колдоо;
  • жаратылыш жана шаардык экологиялык долбоорлор (суу, калдыктар ж.б.).

Расмий баракчалары:

Facebook: https://www.facebook.com/turkicinvestfund   

LinkedIn: https://www.linkedin.com/company/turkicinvestfund/

Дареги:

Huzur Mahallesi Azerbaycan Caddesi No:4

Skyland Office B blok Kat: 4 No:67-72

Sarıyer, İstanbul, Türkiye

Байланыш телефону: +90 212 800 45 00