2024-жылдын 6-ноябрында Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммитинде Мамлекет башчыларынын Кеңеши ТМУнун жаңы желегин расмий символ катары бекитти.
Желектин жаңыланган дизайны байыркы түрк мамлекеттүүлүгүн, жалпы маданий мураска негизделген биримдигин жана күчүн чагылдырат. Көк түстөгү фонунда сегиз бурчтук, жарым ай, жылдыз жана бирдей тараган нурлары бар күн сүрөттөлгөн. Бул элементтер куруучу мүчө мамлекеттердин желектеринен алынган: жылдыз — Азербайжандын, түс — Казакстандын, күн — Кыргызстандын, жарым ай — Түркиянын желегинен. Сегиз бурчтук кылымдар бою сакталып келген тюрк мамлекеттүүлүгүн, эркиндикти (хуррият), туруктуулукту жана өз ара байланышты билдирет. Тюрк жана ислам салттарында ал акылмандыкты жана лидерликти да билдирип, орток келечекке жол көрсөтүп турат.
Түрк мамлекеттер уюмунун жаңы желеги 2025-жылдын 12-мартында Стамбулдагы ТМУнун Катчылыгынын имаратынын алдында салтанаттуу түрдө көтөрүлдү. Бул иш-чарага мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин орун басарлары катышып, Мамлекет башчыларынын Кеңешинин 11-саммитинде бекитилген жаңы желеге өтүүнүн толук аяктоосун белгиледи.
Желектин алгачкы варианты 2012-жылдын 22-августунда Бишкекте, Мамлекет башчыларынын Кеңешинин 2-саммитинде бекитилген. Ал желек биринчи жолу 2012-жылдын 12-октябрында Стамбулдагы Катчылык имаратында салтанаттуу түрдө көтөрүлүп, Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен Түркиянын 11-президенти Абдулла Гүл катышкан.




