Логотип жана желек Уюмга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик желектеринен элементтерди камтыйт.
Түрк мамлекеттер уюмунун (мурунку Түрк Кеңеши) логотиби жана желеги 2012-жылдын 22-августунда Бишкек шаарында өткөн Уюмдун II-Саммитинин алдында Тышкы иштер министрлер кеңешинин маалымат жыйынында коомчулукка сунушталган.
Логотип жана желек Уюмга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик желектеринен элементтерди камтыйт.
Ага ылайык, логотип жана желек төмөнкү элементтерден турат: Азербайжан Республикасынын туусундагы жылдыз, Казакстан Республикасынын туусунун көк түсү, Кыргыз Республикасынын туусундагы күн жана Түркия Республикасынын туусундагы жарым ай.
Түрк мамлекеттер уюмунун желеги мүчө мамлекеттердин желектери менен бирге 2012-жылдын 12-октябрында Стамбул шаарындагы Катчылыктын имаратында Казакстан Республикасынын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев жана Түркия Республикасынын 11-президенти Абдуллах Гүл тарабынан салтанаттуу түрдө көтөрүлгөн.




