Түрк мамлекеттер уюму

Түрк мамлекеттер уюму, башында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши (Түрк кеңеши) деген ат менен белгилүү болгон, 2009-жылы өкмөттөр аралык уюм катары түзүлгөн. Уюмдун негизги максаты — түрк мамлекеттеринин ортосунда ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүү. Негиздөөчү мамлекеттер — Азербайжан, Казакстан, Кыргыз Республикасы жана Түркия болуп саналат. 2019-жылдын октябрь айында Баку шаарында өткөн 7-саммитте Өзбекстан толук мүчө катары кошулган. 2018-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарында өткөн 6-саммитте Венгрия байкоочу макамын алган. 2021-жылдын ноябрындагы 8-саммитте Түркмөнстан, 2022-жылдын ноябрында Түндүк Кипр Түрк Республикасы, ал эми 2023-жылы Экономикалык Кызматташтык Уюму (ЭКУ) байкоочу мүчө катары кошулган.

Уюм Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставынын максаттары менен принциптерине жана эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларына, анын ичинде мамлекеттердин эгемендүүлүгүнө, аймактык бүтүндүгүнө, эл аралык деңгээлде таанылган чек аралардын бузулгусуна, ошондой эле тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого жана достук мамилелерди өнүктүрүүгө толук берилген.

Уюм тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөгө, кеңири кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана мүчө мамлекеттердин ортосунда жалпы өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн ачууга умтулат. Ар бир мүчө мамлекет өз алдынча өзгөчө болсо да, уюм өзүн обочолонгон бирикме катары көрсөтпөйт. Тескерисинче, түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы ынтымакты жана тилектештикти чыңдоо аркылуу Евразия континентинде, өзгөчө Борбор Азия жана Кавказда, эл аралык кызматташтыкты илгерилетүү үчүн аймактык жаңы платформа болууну максат кылат.

Жалпы тарых, тил, өздүк кимдик жана маданият сыяктуу төрт негизги түркүктө курулган Түрк мамлекеттер уюму бул жалпылыктар менен гана чектелбестен, мүчө мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу кызматташууну — экономика, илим, билим берүү, транспорт, бажы, туризм жана башка көптөгөн тармактарда — көп тараптуу кызматташууга кеңейтүүнү көздөйт.

Ошол эле учурда Уюм өзүн мүчө мамлекеттер менен гана чектебестен, коңшу өлкөлөр менен кызматташууга да ачык болуп, аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу максатында, өзгөчө транспорт, бажы жана туризм тармактарында кызматташат.

Уюмдун негизги органдары: Мамлекет башчыларынын кеңеши, Тышкы иштер министрлеринин кеңеши, Акылмандардын кеңеши, Жогорку расмийлердин комитети жана Катчылык. Уюмдун ишмердүүлүгү төмөнкү тиешелүү жана байланышкан түзүмдөр аркылуу да колдоого алынат: Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясы (TURKPA), Түрк маданиятынын эл аралык уюму (TURKSOY), Түрк Эл аралык академиясы, Түрк маданияты жана мурастар фонду, Түрк Бизнес кеңеши, Түрк Университеттер биримдиги жана Түрк Соода-өнөр жай палатасы.

2011-жылдан бери уюм ар жылы белгилүү темадагы саммиттерди өткөрүп келет. Бул саммиттерде мүчө мамлекеттердин мамлекет башчылары өткөн жылдагы иштерди баалап, кийинки жылга максаттарды коюшат.