2022-жылдын 11-ноябрында Самаркандда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 9-Саммитинде Мамлекет башчыларынын Кеңеши тарабынан Түрк мамлекеттер уюмунун Катчылыгынын Башкы катчысы болуп дайындалган.
Туулган күнү: 15-сентябрь 1960
Туулган жери: Боконбаев айылы, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан
ЭМГЕК ЖОЛУ:
2022 - Азыркы учур - Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы
2021-2022 – Кыргыз Республикасынын Израиль Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (резиденциясы Анкарада)
2019-2022 - Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
2016-2019 – Кыргыз Республикасынын Эстония, Латвия жана Литва Республикаларындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (резиденциясы Минксте, Беларус)
2016 –2019 - Кыргыз Республикасынын КМШдагы Туруктуу өкүлү (Минск, Беларус)
2015-2019 - Кыргыз Республикасынын Беларус Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
2012 –2015 - Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы (БУЭА) Генералдык консулу
2011-2012 - Кыргыз Республикасынын ТИМинин коомдук-консультативдик кеңешинин мүчөсү
2006-2011 - “Кыргыз депутаттары коррупцияга каршы” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (GOPAC – эл аралык уюмдун улуттук бөлүмү)
2004-2006 - Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) өткөөл экономикада коррупцияга каршы күрөшүү боюнча консультациялык топтун Кыргыз Республикасынан улуттук координатору, Бишкек
2003-2006 - Кыргыз Республикасынын Акыйкат башкаруу боюнча Консультациялык кеңештин төрагасы, Бишкек
1999-2003 - Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчинин орун басары, Кеңешчи-элчи, Вашингтон, АКШ
1998-1999 - Кыргыз Республикасынын ТИМинин Экономикалык саясат департаментинин Директорунун орун басары – Эки тараптуу экономикалык программалар башкармалыгынын жетекчиси
1997-1998 - Кыргыз Республикасынын ТИМинин Батыш өлкөлөрү департаментинин директорунун орун басары
1992-1997 - “КыргызАгроИмпекс” тышкы экономикалык бирикмесинин башкы директору
1990-1992 - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар бөлүмүнүн директору
1984-1990 – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу «Ысык-Көл» агрофирмасынын башкы инженер жана башкы директордун орун басары
БИЛИМИ ЖАНА КВАЛИФИКАЦИЯСЫ:
1979-1984 – К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык университети, Инженердик факультет, Бишкек
1990-1994 – Москва өнөр жай менчик институту, Экономика, Доктордук даража, Москва
1993 –1998 - «Texas A&M», «Nebraska», «Вашингтон» университеттеринде жана Түштүк Кореянын Улуттук университетинде стажировка
1998–1999 - Дипломатиялык стажировка (Бельгия, Франция, Люксембург, АКШ, Египет)
2003-2006 – Коррупцияга каршы күрөшүү үчүн юридикалык жана институционалдык ченемдерди изилдөө боюнча стажировка (Норвегия, Сингапур, Гонконг, Словения, Литва)
ДИПЛОМАТИЯЛЫК ДАРАЖАСЫ:
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси
ЖАРЫЯЛАНГАН ЭМГЕКТЕРИ:
1991 - "Маркетингдин негиздеринин кыскача баяндалышы", Бишкек
2005, 2009 - "Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү үчүн мыйзамдык-укуктук жана институттук базага сереп", Бишкек
2007, 2010 - "Жергиликтүү кеңештин депутатынын кол китеби", Бишкек
СЫЙЛЫКТАРЫ:
2022 – Учхисар шаарынын Ардактуу жараны, Невшехир, Түркия
2022 – Изник шаарынын Ардактуу жараны, Бурса, Түркия
2022 – Түркиянын Журналисттер союзунун (GAP) “2021-жылдын эң ийгиликтүү элчиси” аттуу сыйлыгы
2019 – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдык медалы
2018 - Эл аралык Чынгыз Айтматов клубунун атайын тѳш белгеси
2017- КМШ мамлекеттеринин грамотасы
2014 – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 70 жылдык медалы
2006 - Кыргыз Республикасынын Ардак Грамота
2003 - Хьюстон шаарынын Ардактуу жараны, Техас, АКШ
КООМДУК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ:
1995 – 1997 – Кыргыз Республикасынын Ишкерлер федерациясынын төрагасынын орун басары
1997 – 1999 – Кыргыз-Америкалык ишкерлер кеңешинин мүчөсү
2003 – 2006 – OECDнин Транзиттик экономикалар үчүн Антикоррупциялык тармагынын Улуттук координатору
2008 – 2011 – АКИпресс аналитикалык журналынын редакциялык кеңешинин төрагасы
ТИЛ ЖӨНДӨМҮ:
Кыргыз (эне тили), орус, англис, түрк — эркин деңгээлде
ҮЙ-БҮЛӨЛҮК АБАЛЫ:
Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы жана төрт неберенин чоң атасы жана таятасы




