Бүткүл дүйнө жүзүндө глобалдык жылуулуктун жана экологиялык өзгөрүүлөрдүн таасиринен улам суу ресурстары тездик менен азайып жаткандыгы жалпыга маалым. Бул көйгөй жакынкы келечекте адамзат алдында турган эң олуттуу чакырыктардын бири болушу ыктымал.
Бул актуалдуу маселеге карата жооп катары, Түрк Мамлекеттер Уюму Түрк Академиясы менен биргеликте “Түрк мамлекеттеринде Суунун келечек көрөңгөсү жана туруктуулук үчүн кызматташтык” темасында Регионалдык сереп отчетун даярдады.
Бул документ түрк дүйнөсүндөгү суу ресурстарын изилдөө жана башкаруу жаатында тиешелүү министрликтер, мекемелер, изилдөө борборлору жана академиялык өкүлдөр үчүн пайдалуу булак болуп берет деп ишенебиз.
Отчетко төмөнкү шилтеме аркылуу кирсеңиз болот:
Түрк мамлекеттеринде Суунун келечек көрөңгөсү жана туруктуулук боюнча Регионалдык сереп отчету




