2025-жылдын биринчи жарымындагы ишмердүүлүктөрдү жана жетишкендиктерди камтыган Түрк мамлекеттер уюмунун Журналынын жаңы санынын чыкканын кубануу менен билдиребиз.
Жаңы санда негизги орунду ээлеген темалар төмөнкүлөр :
Будапештте «Чыгыш менен Батыштын жолугушуу түйүнү» темасында өткөн ТМУнун расмий эмес саммити тууралуу кеңири маалымат, мамлекет башчыларынын сүйлөгөн сөздөрү жана Будапешт билдирүүсүнүн толук тексти берилген.
Санариптик экономика, климат боюнча аракеттер, юстиция, транспорт жана маданий тармактардагы кызматташтык иштери, жогорку деңгээлдеги министрлердин жыйындары, расмий сапарлар жана демилгелер чагылдырылган.
Ошондой эле түрк дүйнөсүндө Азербайжандын стратегиялык маанисине арналган өзүнчө бөлүм орун алган.
Журналдын толук текстин бул жерден окусаңыз болот. https://turkicstates.org/u/turkic-magazine-.pdf




