Түштүк-Түштүк кызматташтыгы боюнча биргелешкен отчет

Түштүк-Түштүк кызматташтыгы боюнча биргелешкен отчет

Түрк Кеңеши менен БУУнун Түштүк-Түштүк кызматташтыгы боюнча кеңсеси (UNOSSC) тарабынан даярдалган “Иш аракеттеги Түштүк-Түштүк кызматташтыгы: Түрк Кеңешинин аймактык жана глобалдык өнүгүүнү илгерилетүүдө Түштүк-Түштүк кызматташтыгын пайдалануу ыкмасы” аттуу биргелешкен отчёттун тааныштыруу иш-чарасы 2017-жылдын 25-сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясынын алкагында Нью-Йорк шаарында өткөрүлгөн.

Иш-чара Түрк Кеңешинин Башкы катчысы элчи Рамил Хасановдун жана БУУнун Түштүк-Түштүк кызматташтыгы боюнча башкы катчысынын өкүлү, UNOSSC директору Хорхе Чедиектин негизги сөздөрү менен ачылып, БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы жана ПРООНдун жардамчы администратору Жихан Султаноглунун жыйынтыктоочу сөзү менен аяктаган.

Иш-чарага Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердин БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жогорку даражадагы өкүлдөрү, башка БУУга мүчө өлкөлөрдүн миссияларынын өкүлдөрү жана БУУ мекемелеринин кызматкерлери катышкан. Ошондой эле БУУнун Цивилизациялар Альянсынын Жогорку өкүлү Насир Абдулазиз Аль-Нассер дагы катышкан.

Биргелешкен отчёт төмөндө жеткиликтүү.