Азербайжан ТИМинин “Дипломатия дүйнөсү” журналынын Түрк Кеңешине арналган атайын саны

Азербайжан ТИМинин “Дипломатия дүйнөсү” журналынын Түрк Кеңешине арналган атайын саны

Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин “Дипломатия дүйнөсү” журналы Түрк Мамлекеттер Уюмунун Катчылыгы менен кызматташтыкта Түрк Кеңешиндеги Азербайжан төрагалыгына арналган атайын санын жарыялады.
Бул сан Түрк Кеңеши тууралуу жалпы маалыматты, анын укуктук негиздерин, кызматташтык тармактарын жана Азербайжан Республикасы, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдар менен болгон мамилелерин камтыйт.
Журналда Түрк Кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреевдин жана Түрк Кеңешине тиешелүү жана ага байланыштуу уюмдардын жетекчилеринин макалалары орун алган.
Башкы катчы Амреев “Азербайжан төрагалыгы маалындагы Түрк Кеңешинин өсүп жаткан таасири” аттуу макаласында, 2019-жылдын 15-октябрында Азербайжанда өткөн Түрк Кеңешинин Жетинчи саммитинин жыйынтыктарына жана 2020-жылдын 10-апрелинде өткөн COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү темасындагы биринчи өзгөчө онлайн саммитке токтолуп, Түрк Кеңешинин Азербайжан төрагалыгы мезгилиндеги ишмердүүлүгүнө кеңири токтолгон.
Макаласында ошондой эле Түрк Кеңеши жана Түрк дүйнөсү ар дайым Азербайжандын позициясын жана аймактык бүтүндүгүн колдоп келгенин, Армениянын куралдуу күчтөрүнүн бардык оккупацияланган аймактардан толук, тез жана сөзсүз чыгарылышын талап кылганын, жайкын тургундарга карата чабуулдарды кескин айыптап, 44 күндүк Ата Мекендик согуш маалында Азербайжандын жанында турганын белгилеген.
Макаланын соңунда башкы катчы 2020-жылы коопсуздук жана коомдук саламаттык тармагындагы коркунучтарга Түрк Кеңеши жана мүчө мамлекеттер тарабынан берилген жооп биримдиктин жана эл аралык чакырыктарга тез аракеттенүүнүн үлгүсү болгонун баса белгилеп, уюмдун аймактык жана дүйнөлүк тынчтык менен туруктуулукту камсыздоого кошкон салымы дагы да бекемделгенин белгилеген.
Бул басылманын PDF версиясы төмөндө жеткиликтүү.