Түрк мамлекеттеринин Шахмат Биримдигинин 1-Башкы ассамблеясы Газиантепте өттү. 

 Түрк мамлекеттеринин Шахмат Биримдигинин 1-Башкы ассамблеясы Газиантепте өттү. 

Эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) колдоосу астында, Түрк мамлекеттеринин шахмат федерацияларынын өкүлдөрүнүн  жана Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысынын орун басары, доктор Мирвохид Азимовдун катышуусу менен уюштурулган Түрк мамлекеттеринин Шахмат Биримдигинин 1-Башкы ассамблеясы 2025-жылдын 13-декабрында Түркиянын Газиантеп шаарында болуп өттү.

Башкы ассамблеядагы сөзүндө Башкы катчынын орун басары Түрк мамлекеттеринин шахмат биримдигинин түзүлүшү шахматты түрк дүйнөсүндө маданий, билим берүүчү жана социалдык көпүрө катары өнүктүрүүгө багытталган жалпы көз караштын чагылышы экендигин баса белгиледи. Ал бул демилгеси үчүн Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын негиздөөчү федерацияларына ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Биримдик ТМУнун мүчө мамлекеттердин ортосунда маданий, социалдык жана билим берүү тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык байланыштарды чыңдоо боюнча алдыга койгон максаттарына толугу менен шайкеш келерин билдирди.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн шахмат боюнча чемпиондугу да өткөрүлдү. Түрк дүйнөсүнүн бардык бурчунан спортчуларды чогулткан бул чемпиондук, катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда достук атаандаштыкты жана спорттук кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошту.