Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Өмүралиев Вашингтондо АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Пол Капур менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда Башкы катчы ТМУнун натыйжага багытталган аймактык уюмга айланганын; саясий, коопсуздук, экономикалык жана технологиялык тармактарда кызматташтыктын кеңейгенин жана аймактык туруктуулукту жана өз ара байланыштуулукту илгерилетүүдөгү уюмдун ролун баса белгиледи.
Мамлекеттик катчынын орун басары Капур Президент Трамптын ТМУ аймагы менен кызматташтыкты чыңдоого, өзгөчө инвестиция жана өз ара байланыштуулук тармактарына берген маанисин баса белгилеп, Борбордук Азия менен Түштүк Кавказдын стратегиялык маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
Тараптар көп модалдык өз ара байланыштуулук, экономика жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты талкуулап, ТМУ менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты андан ары чыңдоонун мүмкүн болгон багыттары боюнча пикир алышты.







