Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев 2025-жылдын 17-декабрында Вашингтондо АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү, Батыш Вирджиния штатынын өкүлү жана Өкүлдөр палатасынын Кирешелер жана чыгымдар комитетинин (Ways and Means Committee) мүчөсү Кэрол Миллер менен жолугушту.
Жолугушууда Америка Кошмо Штаттары менен ТМУ аймагынын ортосундагы кызматташтыктын экономикалык багыттары талкууланды. Башкы катчы Өмүралиев Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Миллерге ТМУнун ишмердүүлүгү, артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле мүчө жана байкоочу мамлекеттердин ортосунда сооданы, инвестицияны жана аймактык байланышты өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле
Палатанын мүчөсү Миллер түрк дүйнөсүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө кызыкдар экенин билдирип, өзгөчө Кирешелер жана чыгымдар комитетинин иш алкагында соода саясаты, жеткирүү чынжырлары жана инвестициялык маселелер боюнча диалогдун маанилүүлүгүн белгиледи.
Мындан сырткары, жолугушуунун жүрүшүндө өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, ТМУ менен АКШдагы өнөктөштөрдүн, анын ичинде мыйзам чыгаруу органдарынын ортосунда конкреттүү жана практикалык кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.




