Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Өмүралиев 2025-жылдын 15-декабрында Америка Кошмо Штаттарында аккредиттелген ТМУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин элчилери менен жолукту. Жолугушууну ТМУнун учурдагы төрагасы катары Азербайжан Республикасынын Вашингтон, Д.К. Элчиси Хазар Ибрагим өткөрдү.
Жолугушууга: Казакстан Республикасынын АКШдагы Элчиси Магжан Ильясов, Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчиси Айбек Молдогазиев, Өзбекстан Республикасынын АКШдагы Элчиси Фуркат Сидиков, Венгриянын АКШдагы Элчиси Саболч Такач, Түркмөнстандын АКШдагы Элчилигинин Убактылуу өкүлү Шоxрат Пирмухаммедов, Түркия Республикасынын АКШдагы Элчилигинин Убактылуу өкүлү Мурат Угурлуоглу жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Өкүлү Дамла Гүчлү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы катчы, Вашингтондо АКШ тарабынан алдыңкы аналитикалык борборлордо өткөрүлгөн, белгилүү эксперттер жана изилдөөчүлөр катышкан иш-чаралар, ошондой эле АКШнын расмий өкүлдөрү менен болгон байланыштар ТМУга болгон кызыгуунун артып жаткандыгын чагылдырып жатканын билдирди. Ал бул кызыгуу Уюмдун этап-этабы менен өсүп жаткан институционалдык өнүгүүсүнүн жана байланыш, экономикалык интеграция, коопсуздук жана эл аралык өз ара аракеттенүү жаатындагы кеңейип жаткан кызматташуунун аркасында практикалык жана натыйжага багытталган түзүмгө айланып жаткандыгы менен шартталганын баса белгиледи.
ТМУга мүчө мамлекеттердин дипломатиялык миссия башчылары Уюмдун күн тартибин Америка Кошмо Штаттарында активдүү жайылтуу боюнча иштерди колдоого даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле, АКШдагы ТМУ миссияларынын ортосунда тыгыз координацияны камсыз кылууга жана Түрк Дүйнөсүнүн АКШдагы көрүнүктүүлүгүн жана өз ара аракеттенүүсүн жогорулатууга чечкиндүү экендиктерин айтышты.






