ТМУнуг Башкы катчысы Азербайжандын АКШдагы Элчиси менен жолукту. 

ТМУнуг Башкы катчысы Азербайжандын АКШдагы Элчиси менен жолукту. 

​Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Өмүралиев 2025-жылдын 15-декабрында Вашингтон шаарында ТМУнун учурдагы төрагалыгын жүргүзүп жаткан Азербайжан Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Элчиси  Хазар Ибрахим менен жолугушту.

​Жолугушууда тараптар ТМУ аймагындагы акыркы өнүгүүлөр боюнча пикир алмашып, Азербайжандын Төрагалыгынын алкагында жүргүзүлүп жаткан учурдагы демилгелерди карап чыгышты.

​Жолугушууда өзгөчө Вашингтондогу координациялык аракеттер жана Уюмдун АКШнын мекемелери жана саясатчылары менен болгон байланышында артыкчылыктарын алдыга жылдыруу маселелери талкууланды.