Түрк мамлекеттер уюмунун Эмгек, Иш менен камсыздоо жана социалдык коргоо министрлеринин биринчи жолугушуусу Бакуда өткөрүлдү 

Түрк мамлекеттер уюмунун Эмгек, Иш менен камсыздоо жана социалдык коргоо министрлеринин биринчи жолугушуусу Бакуда өткөрүлдү 

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Эмгек, иш менен камсыздоо жана социалдык коргоо министрлеринин биринчи жолугушуусу 2025-жылдын 5-декабрында Азербайжан Республикасынын борбору Бакуда болуп өттү.

Азербайжан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык коргоо министри Анар Алиевдин төрагалыгында өткөн жыйынга төмөнкүлөр катышты:
Түркия Республикасынын Эмгек жана социалдык коопсуздук министри Ведат Ышыкхан, Кыргыз Республикасынын Эмгек, Сэсоциалдык коопсуздук жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов, Казакстан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык коргоо министринин орун басары Виктория Щегай, Өзбекстан Республикасынын Иш менен камсыздоо жана жардылыкты кыскартуу министринин орун басары Сирожиддин Бобокулов, 
Венгриянын Улуттук Экономика министрлигинин Иш менен камсыздоо саясаты боюнча мамлекеттик катчысы Шандор Чомба, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Эмгек жана социалдык коопсуздук министри Огузхан Хасипоглу, Түркмөнстандын Эмгек жана калкты социалдык коргоо министринин орун басары Халбиби Тачжанова, ТМУнун Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Өмүралиев.

Башкы катчы өз сөзүндө "Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040"  жана ТМУнун 2022–2026-жылдарга карата стратегиясына ылайык, ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы эмгек, иш менен камсыздоо жана социалдык коргоо жаатындагы кызматташтыктын мааниси өсүп жатканын белгиледи. Ал татыктуу эмгек шарттарын түзүүгө, жумушчу күчүнүн мобилдүүлүгүн күчөтүүгө, социалдык коргоо системаларын өркүндөтүүгө жана иш менен камсыз кылуу кызматтарында санариптик чечимдерди колдонууга багытталган механизмдерди орнотуунун маанилүүлүгүн айтты.

Делегация башчылары аталган аянтчанын түзүлүшүн кубаттоо менен, алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүүгө, кесиптик билим берүүнү жана жөндөмдөрдү өнүктүрүүнү күчөтүүгө, жумушчу күчүнүн мобилдүүлүгүнө көмөктөшүүгө жана өнүгүп жаткан эмгек рыногундагы көйгөйлөргө каршы биргелешкен аракеттерди координациялоого көңүл бурушту.

Жолугушуунун соңунда тараптар "ТМУнун Эмгек, иш менен камсыздоо жана социалдык коргоо министрлеринин 1-Жолугушуусунун Биргелешкен билдирүүсүнө кол коюшту. Экинчи жолугушууну 2026-жылы Түркия Республикасында өткөрүү чечими кабыл алынды.