Түрк мамлекеттер уюмунун Темир жол башкармалыктарынын жетекчилеринин жыйыны Бишкекте болуп өттү

Түрк мамлекеттер уюмунун Темир жол башкармалыктарынын жетекчилеринин жыйыны Бишкекте болуп өттү

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Темир жол башкармалыктарынын жетекчилеринин 3-жыйыны 2025-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарында болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министринин орун басары Алмаз Тургунбаев, «Кыргыз Темир жолу» улуттук ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев, «Өзбекстан Темир жолдору» Ачык акционердик коомунун башкармалыгынын биринчи төрагасынын орун басары Хикматулла Рахметов, «Азербайжан Темир жолдору» Ачык акционердик коомунун төраганын орун басары Нижат Гулиев, «Казакстан Темир жолу» улуттук компаниясы Ачык акционердик коомунун төраганын орун басары Ануар Ахметжанов, Түркия Республикасынын Мамлекеттик Темир жолдору Ташуучулук Акционердик Коомунун (TCDD Taşımacılığı A.Ş.) башкармалыгынын мүчөсү жана Башкы директордун орун басары Четин Алтун, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысынын орун басары доктор Мирвохид Азимов катышты.

Ачылыш сөзүндө доктор Мирвохид Азимов Карабак, Бишкек, Будапешт жана Габала билдирүүлөрүндө камтылган милдеттемелерди ишке ашыруунун маанисин баса белгиледи. Ошондой эле мамлекет башчыларынын көрсөтмөлөрүнө ылайык, Орто коридорду эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкты чыңдоо жана натыйжалуу транзиттик жол-жоболорду кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар түрк мамлекеттеринин темир жол башкармалыктары менен тиешелүү мекемелердин ортосундагы жалпы маселелер жана алар туш болгон кыйынчылыктар боюнча пикир алмашышты. Айрыкча Орто коридор боюнча контейнер жана мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, жыйында 2023–2027-жылдарга карата ТМУнун Транспорттук байланыштуулук программасын ишке ашыруунун алкагында даярдалган Биргелешкен иш-аракеттер планы (“Жол картасы”) боюнча кадамдар талкууланды.

Тараптар Орто коридордун стратегиялык мааниси улам өсүп жатканын белгилешти. 2024-жылы бул коридор аркылуу жүктөрдүн көлөмү 2023-жылга салыштырмалуу 62 пайызга өсүп, 2,7 миллион тоннадан 4,5 миллион тоннага жеткен. Улантылып жаткан иштердин натыйжасында бул көрсөткүч 2027-жылга чейин жылына 10 миллион тоннага жетиши күтүлүүдө.

Жыйындын жыйынтыгында мүчө мамлекеттердин темир жол башкармалыктарынын жана туризм органдарынын өкүлдөрүнөн турган убактылуу жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Бул топ түрк мамлекеттеринин аймагында жана андан ары туристтик жүргүнчү поезддерин ишке киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгат.

Жыйын ТМУнун Темир жол башкармалыктарынын жетекчилеринин 3-жыйынынын Протоколуна кол коюу менен жыйынтыкталды.