ТМУ Башкы катчысы Түрк Кызыл крест жана Кызыл Ай Тармагынын Президенттер Кеңешинин Жыйынында кайрылуу жасады

ТМУ Башкы катчысы Түрк Кызыл крест жана Кызыл Ай Тармагынын Президенттер Кеңешинин Жыйынында кайрылуу жасады

Түрк Кызылай Тармагынын Президенттер Кеңешинин Жыйыны 2025-жылдын 19-ноябрында Азербайжандын Баку шаарында болуп өттү. Жыйынга Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мүчө жана байкоочу мамлекеттеринин Кызыл крест жана Кызыл Ай улуттук коомдорунун жетекчилери катышышты.

ТМУнун Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Өмүралиев иш-чарага катышып, ачылыш аземинде сөз сүйлөдү. Өз кайрылуусунда ал Уюмдун өсүп жаткан гуманитардык күн тартибин белгилеп өттү.

Мындан тышкары Башкы катчы 2024-жылы Бишкек шаарында кол коюлган Түрк Кызылай Тармагын түзүү жөнүндө Өз ара Түшүнүшүү Меморандумунун түрк мамлекеттеринин гуманитардык кызматташуу тармагындагы биримдик жана ынтымактын символу экенин баса белгиледи.

Ошондой эле ал Түрк мамлекеттер мюмунун Жарандык коргоо механизми боюнча көп тараптуу келишимине токтолуп, бул документ түрк мамлекеттеринин табигый кырсыктарга жана өзгөчө кырдаалдарга биргелешип жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн чыңдоого багытталганын айтты.

Иш-чаранын катышуучулары түрк элдерин илгертен бери бириктирип келген гуманитардык тилектештикке, өз ара жардамдашууга жана боорукерлик рухуна болгон жалпы берилгендиктерин дагы бир жолу тастыкташты.