15–16-октябрда Ташкент шаарында өткөн Түрк Университеттер Биримдигинин (TÜRKÜNİB) 8-Жалпы жыйыны жана “Караханийлер – Алп Эр Тунганын (Афросийоб) тукумдары: Караханийлер доорундагы түрк жана ислам дүйнөсү” аттуу Эл аралык конференциядан кийин, ТМУнун Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Өмүралиев массалык маалымат каражаттарына маалымат берди. Анда ал жолугушуулардын жыйынтыктары менен катар, Азербайжандын Габала шаарында өткөн ТМУнун 12-Саммитинин негизги жыйынтыктары жана Уюмдун акыркы мезгилдеги ишмердүүлүгү тууралуу да айтып берди.










