Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Өмүралиев 2025-жылдын 18-декабрында Чапел-Хиллдеги Азиз Санжар фондунда сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө тездик менен өзгөрүп жаткан глобалдык шарттарда ТМУнун түзүмүнө, миссиясына жана стратегиялык артыкчылыктарына токтолду.
Иш-чара белгилүү академиктерди, илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн жана түрк диаспорасынын мүчөлөрүнүн башын бириктирип, дипломатия, илим жана элдер арасындагы өсүп жаткан өз ара аракеттенүүнү жана жакындашууну көрсөттү.
Башкы катчы өз сөзүндө ТМУнун интеграция, координация жана стратегиялык өнөктөштүк үчүн платформа катары кызмат кылган, толук калыптанган жана натыйжага багытталган өкмөттөр аралык уюмга айланганын баса белгиледи. Ошондой эле, АКШнын саясатчылары жана аналитикалык борборлору менен бирге глобалдык деңгээлде кызыгуу артып жаткандыгын жана ТМУнун эл аралык аброю менен мааниси өсүп жатканын билдирди.
Башкы катчы профессор Азиз Санжарга өзгөчө токтолуп, ал 2025-жылдын май айында Будапештте өткөн ТМУнун саммитинде Түрк мамлекеттер уюмунун Алишер Навои атындагы сыйлыгы жана медалы менен сыйланганын эске салды. Профессор Санжардын ийгиликтери бир гана илимий жетишкендик эмес, ошону менен бирге бүткүл түрк дүйнөсүнүн орток интеллектуалдык мурасын жана потенциалын символдоштурарын белгиледи.
Ал эми профессор Азиз Санжар түрк дүйнөсүнүн биримдикте болушу жана бирдиктүү максатты көздөп иш алып баруусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Түрк дүйнөсү илим, билим берүү, инновация жана глобалдык кызматташтык тармактарында али ачыла элек чоң потенциалга ээ экенин айткан профессор Санжар, бул өсүп жаткан интеграция эл аралык мамилелерде жаңы реалдуулукту чагылдырарын билдирди. Ал бул потенциалды ишке ашыруу үчүн күчтүү тилектештик менен узак мөөнөттүү стратегиялык көз караштын зарылдыгына көңүл бурду.








