Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Өмүралиев 2025-жылдын 15-декабрында Вашингтон шаарындагы Heritage Foundation (АКШнын консервативдүү аналитикалык борбору) уюмунун алдында өткөрүлгөн “Борбордук Азиядан Кара деңизге чейинки Түрк Дүйнөсүнүн Келечеги” аттуу иш-чарада (тегерек столдо) баяндама жасады.
Иш-чаранын алкагында Америка Кошмо Штаттарынын алдыңкы аналитикалык борборлорунун адистери жана изилдөөчүлөрү менен пикир алмашуу болду.
Башкы катчы ТМУнун өсүп жаткан стратегиялык маанисине көңүл буруп, Уюм Борбордук Азиядан Кара деңизге жана Жер Ортолук деңизге чейинки кеңири аймактагы өлкөлөрдү бириктирген, толук кандуу институтташкан жана натыйжага багытталган өкмөттөр аралык уюмга айланганын баса белгиледи. Ошондой эле, экономикалык өнүгүү, өз ара байланыш, коопсуздук жана эл аралык өз ара аракеттенүү жаатындагы кеңейип бараткан кызматташтыкты белгилеп өттү.
Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар АКШнын саясатчылары жана аналитикалык борборлору тарабынан Түрк аймагына болгон кызыгуунун артып жатканына жана ТМУнун глобалдык маселелердеги ролунун барган сайын күчөп жатканына көңүл буруп, бул тенденция Америка тараптын талдоо жана саясий баалоолорунда эске алынганын билдиришти.







