ТМУнун Башкы катчысы Стамбулда өткөн 9- форумдун (TRT World Forum) ачылыш аземине катышты

ТМУнун Башкы катчысы Стамбулда өткөн 9- форумдун (TRT World Forum) ачылыш аземине катышты

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Өмүралиев, 2025-жылдын 31-октябрында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын колдоосу алдында Стамбул шаарында өткөн “Глобалдык жаңылануу: Эски тартиптен жаңы реалдуулукка карай” темасындагы 9- форумунун (TRT World Forum) ачылыш аземине катышты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан ачылган форум — 35 өлкөдөн келген 132 беделдүү баяндамачы жана 2 миңден ашуун катышуучуларды бириктирген, дүйнөлүк маселелерге жаңычыл чечимдерди издеген эл аралык аянтча катары белгиленди. Дүйнө жана аймагыбыздын  башынан өткөрүп жаткан татаал кырдаал эске алынып, форумда тынчтык, коопсуздук жана өзгөрүп жаткан глобалдык тартип тууралуу кенен диалог жүргүзүлдү.

Ачылыш жыйынында Президент Режеп Таййип Эрдоган, дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдүн алкагында Түркиянын диалог жана кызматташтык боюнча көз карашын чагылдырган баяндамасын жасады.

Иш-чаранын жүрүшүндө Башкы катчы Өмүралиев кесиптештери менен жолугушууларды өткөрүп, түштөн кийинки тематикалык сессияларга да катышты.