ЮНЕСКОнун 2025-жылдын 3-ноябрында Самарканд шаарында өткөн 43-Бүткүл дүйнөлүк конференциясынын жүрүшүндө 15-декабрды Дүйнөлүк түрк тилдүү элдердин күнү деп жарыялоо тууралуу кабыл алынган тарыхый чечимди зор кубаныч менен кабыл алам.
Бул маанилүү чечим түрк тилинин байыркы тамырларын жана жалпы адамзаттык баалуулуктарын баса белгилеп, түрк цивилизациясынын бириктирүүчү күчү катары анын терең тарыхый мурасын чагылдырат.
Маданиятты жана ар кандай тилдердиөнүктүрүүгө жана коргоого багытталган эң беделдүү эл аралык уюмдардын бири болгон ЮНЕСКОнун алкагында бул күндүн белгилениши — түрк дүйнөсүнүн өсүп келе жаткан өздүгүн, баалуулуктарын жана заманбап дүйнөлүк аренадагы ордун дагы бир жолу тастыктап турат.
Бул маанилүү демилгеге салым кошкон бардык мүчө мамлекеттерибизди жана байкоочу мамлекеттерибизди чын дилибизден куттуктайм.
Түрк мамлекеттер уюму катары биз жалпы тарыхый жана маданий мурасыбызды даңазалоо, түрк тилдүү элдер ортосундагы биримдикти чыңдоо жана орток келечекке карай көз карашыбызды илгерилетүү боюнча чечкиндүү аракетибизди уланта беребиз.
Элчи Кубанычбек Өмүралиев
Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы





