ТМУнун Энергетика боюнча ишчи тобунун 5-жыйыны Стамбулда өттү

ТМУнун Энергетика боюнча ишчи тобунун 5-жыйыны Стамбулда өттү

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Энергетика боюнча ишчи тобунун 5-жыйыны 2025-жылдын 9-декабрында Стамбул шаарында мүчө өлкөлөрдүн адистеринин катышуусу менен өткөрүлдү.

Жолугушууда тараптар аймактагы жана дүйнөдөгү акыркы кырдаалды талкуулап, ТМУ мамлекеттеринин жалпы энергетикалык потенциалына токтолуп, келечекке багытталган биргелешкен энергетикалык долбоорлорду карашты.

Жолугушууда ТМУ мамлекеттеринин энергетика коопсуздугун жогорулатуучу, энергетия булактарынын ар түрдүүлүгүн күчөтүүчү, жашыл энергетиканы өнүктүрүүчү жана түрк мамлекеттери менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы энергия өткөрүүнү камсыздоочу демилгелер өзгөчө белгиленди.

Ошондой эле делегациялар 2025-жылдын 10-декабрында Стамбул шаарында өтө турган ТМУнун Энергетикадан жооптуу министрлеринин 5-жыйынынын күн тартибинин жана программасынын долбоорун да талкуулап чыгышты.