ТМУ Эл аралык Шайлоо Байкоочулар Миссиясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (Парламент) мөөнөтүнөн мурда шайлоолорунун жыйынтыгы жөнүндө билдирүүсү

ТМУ Эл аралык Шайлоо Байкоочулар Миссиясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (Парламент) мөөнөтүнөн мурда шайлоолорунун жыйынтыгы жөнүндө билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо жана референдум комиссиясынын (БШРК) чакыруусу боюнча, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Эл аралык Шайлоо Байкоочулар Миссиясы (ЭШБМ), ТМУнун Башкы катчысынын орун басары доктор Мирвохид Азимовдун жетекчилиги астында, 2025-жылдын 26-30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (Парламент) мөөнөтүнөн мурда шайлоолорун байкоо иштерин жүргүздү.

ТМУ Катчылыгынын өкүлдөрү, ошондой эле Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандан келген байкоочулардан турган Миссия өз ишин Кыргызстандын улуттук мыйзамдарына жана шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү боюнча жалпы таанылган эл аралык укук нормаларына толук кандуу ылайык жүргүздү.

Байкоо процессинин алкагында, шайлоо алдында Миссия Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо жана референдум комиссиясынын Төрагасы Тынчтык Шайназаров менен жолугушууларды өткөрдүп, шайлоо процессинин укуктук жана административдик аспектилери боюнча кеңири маалымат алды. Миссия ошондой эле талапкерлер менен жемиштүү жолугушууларды өткөрүп, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана талапкерлердин даярдыктары тууралуу кенен маалыматтарды алды.

Шайлоо күнү Миссия эки топко бөлүнүп, Бишкек шаарындагы 19 шайлоо участкасына барды. Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдары жергиликтүү жана эл аралык байкоочуларга шайлоо процессин көзөмөлдөөгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берди. Ошондой эле Миссия улуттук байкоочулардын активдүү катышуусун кубаттады; бул жагдай шайлоо процессинин ачыктыгына жана коомдук көзөмөлгө олуттуу салым кошту. Шайлоочулардын эркин билдирүүсүн камсыз кылуу үчүн бардык зарыл болгон административдик чаралар көрүлгөнү аныкталды.

ТМУ Эл аралык Шайлоо Байкоочулар Миссиясы Жогорку Кеңештин (Парламент) мөөнөтүнөн мурда болгон шайлоосунун ачык-айкын жана адилеттүү өткөнүн жогору баалайт жана муну аймактагы демократиялык башкарууну бекемдөөдөгү маанилүү кадам деп эсептейт.

ТМУ Эл аралык Шайлоо Байкоочулар Миссиясы тарабынан жасалган билдирүүнүн толук текстине төмөнкү шилтеме аркылуу жетүүгө болот.

Билдирүү