Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы, Элчи Кубанычбек Өмүралиев 2025-жылдын 27-октябрында ТҮРКПАнын Башкы катчысы, элчи Рамил Хасанды ТМУнун Стамбул шаарындагы катчылыгында кабыл алды.
Жолугушуу маалында элчи Өмүралиев, элчи Хасанды ТҮРКПАнын Башкы катчылык кызматына дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызматында ийгилик каалады.
Тараптар ТМУ жана ага караштуу уюм болгон ТҮРКПАнын алкагындагы акыркы өнүгүүлөрдү талкуулап, түрк мамлекеттеринин парламенттери ортосундагы мамилелердин маанилүүлүгүн белгилешти.
Мындан тышкары, тараптар ТҮРКПАнын ишмердүүлүгү, ТМУ менен ТҮРКПАнын ортосундагы кызматташтыкты мындан да натыйжалуу кылуу, ошондой эле ТМУ — Түрк кызматташтык уюмдарынын координациялык комитетинин алкагындагы иштер боюнча пикир алмашышты.







